www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 26-майында Саламаттык сактоо министрлигинин коллегия залында саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиевдин төрагалыгы алдында энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи кварталына карата энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү боюнча ыкчам маалыматтар, ошондой эле энелерге жана балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу маселелери каралды.

Отчеттук мезгилде республика боюнча 32 017 төрөт катталып, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 716га көп болду. Төрөттөрдүн санынын эң чоң өсүшү Ош шаарында жана Чүй областында байкалган.

Ошол эле учурда өлүү төрөлүү жана ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү белгиленүүдө. Ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү 1000 тирүү төрөлгөн балага карата 14,4тү түздү, ал эми 2025-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 15,6 болгон.

Ымыркайлардын өлүмүнүн негизги себептери катары перинаталдык мезгилде пайда болгон абалдар, тубаса аномалиялар жана дем алуу органдарынын оорулары калууда.

Жыйындын жүрүшүндө энелердин өлүмү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. 2026-жылдын үч айынын жыйынтыгы боюнча энелердин өлүмүнүн 2 учуру катталды, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде 14 учур болгон. Көрсөткүч 100 000 тирүү төрөлгөн балага карата 6,2ни түздү.

Жыйындын жүрүшүндө саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев аялдарга жана балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, бейтаптарды өз убагында маршрутизациялоо, төрөт кызматын чыңдоо, медициналык кызматкерлердин сактыгын жогорулатуу жана саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдеринде көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштерди мындан ары да күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында региондорго жана профилдик саламаттык сактоо уюмдарына энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн мындан ары төмөндөтүүгө багытталган тиешелүү тапшырмалар берилди.

Последние новости