www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы учурда Кыргызстанда Исхак Раззаковдой зоболосу көтөрүлгөн, андай кадыр-баркка ээ болгон бир да тарыхый инсан жок. Университетке аты берилген, бирок, убагында окуу жайларга кимдердин гана аты коюлган жок. Сокенин учурунда баласы чоң кызматта турган экен, катардагы советтик-партиялык кызматкерлердин бири Батыралы Сыдыковдун аты да университетке коюлду. Бийликте турганда каалаганын жасап, жеке кызыкчылыгын көздөөнүн кашкайган үлгүсү ушул эмеспи, болбосо, Батыралы Сыдыков ким да, Исхак Раззаков ким? Ушундай түркөйлүктүн, маңкуртташуунун кесепетинен кыргыздын улуттук сыймыгы болгон Чынгыз Айтматовдун ысымы Ош мамлекеттик университетине берилбей келатат. Бака жеп көлгө кирген, жылан жеп ийинге кирген коррупционерлердин заманында элдин көчүгүн оюп жеген ары жок бийлерге окшогон эт баш Шералылар такта отурса, балтыр бит башка чыгат турбайбы. Ошентсе да чындык, адилеттүүлүк баары бир жеңет экен, кеч болсо да Исхак Раззаковдун ысымы Исфана шаарына берилди.

Атаганат, байыртан кыргызды эл катары сактаган, мамлекетин курууга башын сайып койгон Барсбек, Тагай бий баштаган улуу инсандар өткөн. Кечээ, ХХ кылымдын 20-жылдары Кеңеш өкмөтүн курууда топтон суурулуп чыгып, каруусун казык кылып, Кыргыз автономиялуу облусун, андан кийин республикасынын пайдубалын түптөп, мамлекет курууга белсенип киришкен алгачкы муундагы коммунист-лидерлердин көбү ак жеринен айыпталып репрессиянын курмандыктары болушпады беле.

Ошол улуу инсандардын мамлекеттик ишмердүүлүгү – патриоттуулуктун, мекенчилдиктин чыныгы символдору. Бирок ошолордун бирине да азыр И.Раззаковго көрсөтүлгөндөй сый-урмат көрсөтүлгөн эмес. Аскар Акаевдин тушунда И.Айдарбеков, Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, А.Сыдыков, Т.Айтматов, Э.Эсенаманов, Б.Исакеевдердин юбилейлик даталары болду, бирок, ал кездеги өлкө башчысы Аскар Акаев кооз сүйлөп, элге жомок айтып жүрүп, алардын өрнөктүү өмүрүн, ишмердүүлүгүн даңазалап, улутка кызмат кылуунун бийик үлгүсү, асыл наркы катары көрсөтүп, өлкөнү өргө багыттаган, мамлекеттүүлүктү бекемдеген идеологияга айландыра алган жок.

Алгачкы муундагы өлкө жетекчилерин улут лидери катары баалап, сый-урмат (А.Акаевдин Кыргызстандын тарыхына байланыштуу дилетанттык деңгээлдеги китептерин эске албаганда) көрсөткөнгө А.Акаев жараган жок. Себеби ал Батыштын буюртмасын аткарып, коммунисттик системаны демонтаж кылып, “демократиялык коом курам” деп, же анысын ишке ашыра албай, өлкөнү бөөдө ара жолдо калтырды. Ал бардык нерсени саясый оюнга, утурумдук кызыкчылыктарга айландырып, чайкоочулук саясаттын ракурсунан карап, учурунда шайлоодо добуш алыш үчүн керек болгон экен, И.Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келди.

Көрүнүктүү инсандардын өмүр баяндары жазылып, китеп болуп чыгып жатат. Коммунисттердин заманында социалдык теги “кедейдыйкан” катмары жогору бааланса, азыр андай кара таман болгондон арданып, баары эле “датка, бай, бий, болуштун тукумунан” деген модага айланды, карап көрсөк, теги карапайым адам кыргызда жок экен. Ал эми мурдагы чоң уурулар азыр уруулардын сыймыгына айланып, ишмердүүлүгү күмөндүү Аалыбекке окшогондорду идеал кылууга аракет кылып, андайларга эстелик койгондор да бар. Кийинкилерден кызматы көтөрүлгөндөрдүн жети атасынан бери эч нерсе көрбөгөн куу этек болсо да “атасынын казаны майлуу болчу” деп экс-коррупционерлер кошомат кылып мактап калышат, себеби, ошентип жүгүнүп, жагынып протекция менен сүйрөп келаткан баласынын кызматын чоңойтот, антпесе коррупционерлердин династиясы уланбай калбайбы...

Бирок Исхак Раззаковдун ата-тегин азырынча бурмалаган эч ким боло элек. Улуу инсандын өмүр жолу, ишмердүүлүгү тууралуу негизинен мазмуну окшош, бири-бирин кайталаган, эпигончулук менен токулган, бир жактуу мактаган китептер, жүзгө жакын макалалар жазылды. Бардыгында “кыргыз тилин орус мектептерине киргизген” чечими эрдик катары айтылат да, бирок, ошол чечимди “бул жаңылыш чечим болгон” деп И.Раззаков өзү кайра жокко чыгарганы эч кимди кызыктырбайт, көмүскөдө калтырышат, тактап да коюшпайт. Улуу инсанды көкөлөтө мактап С.Жусуев “Раззаковдун тагдыры” деген 30 басма табактан турган ыр менен роман жазды.

А.Пушкиндин атактуу “Евгений Онегин” романы болгону 13 эле басма табак. С.Жусуевдин желдирме тирадалардан турган көлөмдүү романы И.Раззаковдун өмүр жолунун хроникасындай эле кабыл алынат. Чыгармада улуу инсандын образы ачылбай калган, каармандын жандүйнөсү, ой-санаасы психологиялык жактан иликтенген эмес, мүнөздөрдүн, көз караштардын кагылышуусуна алып келген конфликт жок, ортозаар роман. Лириканын чебери эч качан эпикалык чыгарма жазалбай турганын С.Жусуев ушул чыгармасы менен кашкайта далилдеди. И.Раззаков тууралуу тартылган документалдуу фильм да оңунан чыкпай калган.

Кыскасы, И.Раззаковдун жандуу образын түзгөн, ички дүйнөсүн терең изилдеп, трагедиясын тоталитардык системанын контексинде ачып берген документалдуу баян, же көркөм чыгарма азырынча жарала элек. “Азаттыкка” берген маегинде “ЖЗЛ” боюнча адистеше баштаган Осмонакун Ибраимов Раззаков жөнүндө китеп жазам деген ниетин билдириптир, жазса аны да көрө жатарбыз... Белгилүү саясат таануучу Жолборс Жоробековдун “Исхак Раззаков улуттун улуу инсаны” (2021) аттуу өткөн жылы жарык көргөн эмгеги ушул кенемтени кайсы бир деңгээлде толуктап турат. Биз жогоруда белгилегендей улуу инсандын өмүр жолун кургак баяндаган компиляциялык жол менен токулган китептер, макалалар көп, ал эми саясат таануучунун бул китеби алардан кескин айырмаланган эмгек.

Анткени автор Исхак Раззаковдун өмүртагдырын, ишмердүүлүгүн изилдөөдө анын буга чейин коомчулукка белгисиз болгон жактарына кайрылган. Бул эмгегин жазуу учурунда автор көптөгөн кишилер менен маектешкен, улуу инсандын замандаштары, жакын санаалаштары менен өзү күмөнсүү менен караган факты материалдарды талкуулап, чындыкты, адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө аракет кылган. Китеп жандуу публицистикалык стилде жазылган, бир дем менен окулат.

Жетим жүрүп жетилип, Москвадан окуп, тоталитаризм күчөп турган мезгилде Өзбекстанда жетекчи катары калыптанып, бийликтин эң бийик тепкичтерине чейин көтөрүлүп, агартуу министри, андан кийин Өзбекстан компартиясынын борбордук комитетинин катчылыгына чейин жетип, анан Кыргызстанга келип, адегенде өкмөт башчысы, андан кийин өлкө башчысы болуп дайындалган. Согуштан кийинки өлкөнү калыбына келтирүү, андан кийин өнүгүү жолуна түшүү мезгили сыяктуу тагдыр чечүүчү этаптык учурлар Исхак Раззаковдун мамлекетти башкаруу мезгилине туш келген. И.Раззаков өлкөнү башкарган он беш жыл мамлекеттин тарыхы, бийликтин эки тизгин, бир чылбырын бекем кармап турган Кыргызстан коммунисттик партиясынын тарыхы менен бирдикте каралышы абзел.

Себеби, өлкөнүн ошол он беш жылдык тарыхын Исхак Раззаков “жазган”. Ал мезгил Ч.Айтматов “Гүлсаратта” көркөм чагылдыргандай оор учур болгон. Ошондой кыйын жагдайда өлкөнүн айыл чарбасын, өнөр жайын, экономикасын, маданиятын, илим, билим берүү тармагын көтөрүүгө жетекчи катары Исхак Раззаков бардык күч-аракетин жумшап, күндүр-түндүр жаны тынбай иштеген. Жолборс Жоробеков эмгегинде кургак цифраларга таянбай, улуттук лидерди инсан катары ачып берүүгө умтулуп, китептин алтынчы бөлүгүн “Исхак Раззаковдун илим-билимге, кадрларга мамилеси жана өзүнүн жеке адамдык, профессионалдык, интеллектуалдык сапаттары” деп атап, өлкөнүн келечеги болгон жаш адистерге кандай кам көргөнүн ишенимдүү фактылар менен далилдеп берген.

Искак Раззаков өлкөнүн тагдырын, масштабдуу маселелерин эле эмес, ар бир инсан, ар бир кадрды ойлоп, кам көргөн. 90-жылдары илимдер академиясында жаш окумуштуулар менен жолугушууда академик Азиз Салиев “Согуштан кийинки кыйын учур, аскердик шинел үстүмдөн түшө элек кез, Москвада аспирантурада окуп жүргөм, бир күнү эле Исхак Раззакович өзү издеп келиптир. Таанышып, ал-жай сурашкандан кийин “бизде сиздей кадрлар жетишпей жатат, илимиңизди эрте бүтүп, кайтып келиңиз” деди. Анын ошол сөзү дем берип, канат байлагандай эле болдум” деп айтканы мунун далили.

Жолборс Жоробеков улуу инсандын өлкөнүн келечеги үчүн чоң мааниге ээ болгон кадр маселесине өкмөттүк деңгээлде кам көргөнүн, жаш кадрларга өз балдарына карагандай эле аталык камкордугун конкреттүү мисалдар менен далилдеп, кеңири талдап ачып берген. ХХ кылымдын элүүнчү жылдары Кыргызстан экономикалык жактан ирденип, маданият, билим берүү, илим тармагында жаңы доордун башталышы болгон. Бул 1945-жылдын октябрь айынан баштап, өкмөт башчысы кызматына киришип, андан кийин өлкө башчысы катары Исхак Раззаковдун саргара жорткон кызылдай мээнетинин үзүрү катары карасак болот. Албетте, чарба, өндүрүштө иш бир кылка кетпейт, кемчиликтер болот.

Эл чарбасындагы ошондой аксаган иштери үчүн 1949-жылы Кыргызстан КП БК тарабынан министрлер советинин төрагасы И.Раззаковго сөгүш берилген. Ага карабастан 1950-жылы ал Кыргызстан компартиясынын 1-катчысы болуп дайындалат. Себеби, иште кемчиликтер болгону менен өлкө өнүгүүгө багыт алып, жакшы көрсөткүчтөр, жетишкендиктер болгон. Министрлер советинин төрагасы катары Исхак Раззаков өзүн көрсөткөн үчүн ага ушундай чоң ишеним артылган. Завод-фабрикалар ишке киргизилип, тоолуу аймак агрардык өлкөдөн агрардык-индустриалдык мамлекетке айланган. Ал эми 1959-жылы КПСС БКнын пленумунда Латвия, Өзбекстан менен катар Кыргызстан да мамлекеттик пландын аткарылбагандыгы үчүн катуу сынга кабылат. Анткени Кыргыз ССРи айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча алган милдеттенмелерин аткарган эмес.

Ушул эки жагдай И.Раззаковдун тагдырында чечүүчү ролду ойноп жатат. Биринчисинде, сөгүш берилгенине карабастан өлкө башчысы болуп дайындалган, экинчисинен кийин кызматтан алынган. Айрым кемчиликтерине карабастан, өлкө өргө карай кетип жатса, айыл чарбасында, өндүрүштө, экономикада арымдуу жылыштар болуп жаткан кезде Исхак Раззаковдун кызматтан алынышы күтүүсүз болгон.

Москванын ошол табышмактуу чечими кандай кабыл алынган, ага эмнелер себеп болгон? Ушул суроого автор китебинде жооп издеп табууга аракет кылган. Партиялык бийликтин бардык баскычтарын басып өтүп, жетекчи катары калыптанып, партияга берилип жан-дили менен кызмат кылган И.Раззаковду партия иштен алып, кароосуз калтырды. И.Раззаковдун ушул трагедиялуу тагдыры Танабайдын образына окшошуп кетет. Коммунист Танабай Бакасов да партияга кызмат кылып, анын ак жүрөк жоокери болуп жүрүп, партиялык бюрократиянын курмандыгы болот эмеспи. Исхак Раззаковдун ушул кейиштүү тагдыры, балким, Ч.Айтматовго коммунист Танабайдын трагедиялуу образынын жаралышына негиз болуп берсе керек...

Эмнеси болсо дагы И.Раззаковдун трагедиялуу тагдырындагы ушул урунттуу учурду Жолборс Жоробеков логикалык, психологиялык талдоолордун негизинде кургак фактылардын артындагы катылган сырларды өз алдынча чечмелөөгө умтулган, көп күбөлөр, информаторлор менен сүйлөшүп, чындыкты калыбына келтирүүгө аракет кылган. Китептин квинтэссенциясын да инсан катары, жетекчи катары элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон И.Раззаковдун ореолу жана аны күтүүсүз кызматтан алуу чечими түзөт. Автор бул эмгеги менен И.Раззаковдун өмүр баянын, ишмердүүлүгүн изилдөөнүн жаңы барагын ачты десек болот.

Бирок ушундай жаңы ыргакта жазылган жакшы китепте айрым бир субъективдүү пикирлер да кезигет, мисалы, “И.Раззаковдун ордун Т.Усубалиев кутумчулук кылып тартып алды” деген сыяктуу жоромол, божомолдор. Т.Усубалиев КПСС БКнын номенклатурасында турган, демек эртедир-кечтир катчылык орунга бармак. Партиялык номенклатура менен мамлекеттик башкарууда тажрыйбасы, билими жок Төрөбай Кулатов 30 жашында Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар советинин (өкмөтүнүн) төрагасы болуп дайындалса, тоодо кой кайтарып жүргөн Таштанбек Акматов Жогорку Советтин президиумунун төрагасы болуп келген эмеспи. Демек, И.Раззаковдун ооматы да, трагедиясы да ошол партиялык номенклатуранын контексинде каралганы жөн.

И.Раззаков чарбаны, өндүрүштү жакшы билген, коммунисттик партияга берилген лидер болгон. Ошол эле учурда саясый каталарды кетирген. Кыргызстандагы орто жана жогорку билимдүү улуттук кадрлардын өнөр жайда, айыл чарбасында, саламаттыкты сактоо тармагында, билим берүү жана илим жаатында өтө аз (ЦГА ОПД КР. Ф. 5. Д.866.Л.2-3), экендиги аны терең ойлонткон, түйшөлткөн, ушул көйгөйдү чечиш үчүн атайын токтомдорду кабыл алган, алтургай “жогорку окуу жайларына 60-70 пайыз кыргыздар кабыл алынсын” деп квота да бөлгөн. Анын өз эли үчүн чын дилинен күйүп кам көргөн ушундай аракеттери Кремлге жаккан эмес, ага улутчулдук катары баа беришкен.

Ошондон кийин кыргыз тилин орус мектептеринде окутуу чечимин өз колу менен кандай жокко чыгарса, бул чечимдерди да “ката” чечимдер катары жокко чыгарган. Ушундай “саясый каталары” анын Москванын алдындагы “күнөөсүн” көбөйтүп, кызматтан алууга шарт түзгөн. Эң негизгиси, И.Раззаковдун кызматтан алынышынын “сырларын” Н.Хрущев менен И.Раззаковдун ортосундагы жеке мамиледен издөө керек. Экөөнүн ортосунда чарбалык, партиялык иштер боюнча жана көз караштары боюнча да пикир келишпестиктер болбой койгон эмес. “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дегендей, Н.Хрущев ага каршы сөз айткан И.Раззаковдой курч, кыйын, таланттуу жетекчилердин “көзүн тазалап” турган.

Айталы, убагында Н.Хрущев Казакстандын дың жердүү түндүк облустарын Россиянын карамагына өткөрүп берүү демилгесин көтөргөндө министрлер советинин төрагасы Жумабай Ташенов “Казакстандын бир кадам жери берилбейт, бул Конституциядакөрсөтүлгөн өлкөнүн бүтүндүгү принцибине туура келбейт. Эгер бөлүп ала турган болсоңор, анда эл аралык сотко кайрылабыз” деп Н.Хрущевдон жалтанбай, тайманбай жооп бергенден кийин бул маселе экинчи каралбай, жабылуу бойдон калып, бирок Ж.Ташенов кызматынан кетүүгө мажбур болгон. Андан кийин Н.Хрущев Казакстандын пахта эккен түштүк облусун Өзбекстанга өткөрүп берүү идеясын көтөргөн, ага Казакстан КП БКнын 1-катчысы Д.Кунаев каршы чыкса, облустук компартиянын биринчи катчысы И.Юсупов бул демилгени колдогон.

Жыйынтыгында пахта эккен райондор Өзбекстанга берилип, Д.Кунаев 1-катчы кызматынан кетип, ордуна С.Юсупов Казакстан КП БКнын 1-катчысы болуп дайындалган. (Кунаев Д.А. “О моем времени. От Сталина до Горбачева”. Алматы, “Санат”. 1992) Ушундай айныксыз далилдерден кийин И.Раззаковдун партиялык-уюштуруу иштериндеги, өлкөнүн айыл чарбасындагы кемчиликтери үчүн иштен бошотулушу бул авторитардуу режимдин бийлик эгеси Н.Хрущевдун жеке субъективдүү чечими деп гана баалоо туура. Ал эми кызматтан алынгандан кийин Кыргызстанга кирүүгө бийлик тарабынан уруксат берилбегени, бул албетте, Т.Усубалиев тарабынан болгон адилетсиз мамиле катары каралышы керек.

Тарых фактылардан жана аларды интерпретациялоодон турат эмеспи, ал эми божомол, жоромолдор суу кечпейт... Автор Кыргызстан компартиясынын съезд, пленумдарында Т.Усубалиевдин зериктирип узун доклад окуганын Т.Чынгышевдин “Воспоминания: события, люди” (2016) деген китебинен цитата алып далилдөөгө аракет кылат. Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстандын колкаптай тез-тез алмашкан отуздан ашык өкмөт башчыларынын ичинен эң чабалы Турсунбек Чынгышев, себеби, Н.Исанов кайтыш болгондон кийин кокусунан премьер-министр болгон. Ал “мамлекетти аңкоолор менен жалкоолор гана уурдабайт” деген көчө саясатчысынын деңгээлиндеги сөзү менен тарыхта калган өкмөт башчы.

Анткени башкаруучулук жөндөмү жок өкмөт башчы Т.Чынгышевдин туура эмес жүргүзгөн приватизация саясатынын негизинде өзү айткандай мамлекеттик байлыкты талаптоноо, уурдоо башталган. Ушул эскерүү китебин Т.Чынгышев өзү жазганына деле күмөнүм бар. Бир топ эле партиялык, коомдук, мамлекеттик ишмерлер, академиктер, генералдар эскерүү китептерин чыгарып жатышат. Алардын көбү бала болуп башына жүн чыкканы сабаттуу текст жазып көргөн кишилер эмес, алар жазуучуларга, журналисттерге материалдарын топтоп, калем акысын төлөп берип, буюртма менен жаздырышканын көрүп эле жүрөбүз. Кезинде Т.Чынгышев “алтын чатагы” боюнча өкмөт башчылыгынан кеткен.

“Алтын чыры” боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиянын башында Т.Усубалиев турган. Т.Чынгышев “жазган” китебинде Усубалиевден өч алыш үчүн ар кандай негизсиз айыптарды коюп, каралоого аракет кылган. Коммунисттик съезддерде Н.Брежневди айтпаганда, Ю.Андропов, М.Горбачев деле уктата турган отчет-программа катары түзүлгөн докладдарды бирэки саат окушчу эмес беле, авторитардык режимдин өзүнүн “салты” ошондой болгон. Бул бардык эле коммунисттик лидерлерге мүнөздүү көрүнүш. Ал эми Т.Чынгышевдин китебиндеги А.Жумагуловдун баяндамасына таянып (аны талдаганга өзүнүн билим деңгээли деле жетпейт болуш керек), “Т.Усубалиевдин айынан Кыргызстан чийки зат өндүрүүчү мамлекетке айланды” деген дооматы да негизсиз.

Эмне үчүн дегенде, пландуу экономиканын программасы боюнча КПСС БКнын бюро мүчөсү Д.Кунаев жетектеген Казакстанда, КПСС БКнын бюро мүчөлүгүнө кандидат Ш.Рашидов башкарган Өзбекстанда деле абал ошондой болгон. Муну биринчи жолу Москвада КПССтин ХХVIII съездинде 1990-жылы июлда Өзбекстан Компартиясыныны 1-катчысы, Өзбек ССРинин президенти Ислам Каримов “Чем объяснить то, что Узбекистан, располагающий богатейщими сырьевыми ресурсами, уникальными природноклиматическими условиями, преобладающую часть производимой в республике продукции вывозит в качестве сырья и полуфабрикатов? Почему душевой национальный доход вдвое ниже среднесоюзного, а уровень потребления основных потребительских товаров и услуг один из самых низких в стране?” (“Правда”,06.06.1990) деп арай көзүн чарай кылып айтып, маселени кабыргасынан койгон.

Мындай курч көйгөйлөрдү Москвада съезддин деңгээлинде көтөрүү ал кезде “белгисиз республика” деген атка конгон Кыргызстандын жетекчилеринин капарына да келе элек болчу. Партиянын Токмок шаардык комитетинин катчысы Т.Чынгышев болсо Москва менен кеңешмейин иш кылбаган А.Масалиевдин жарлыктарын аткарам деп чапкылап жүргөн кези, ал өзүнүн авторитардык режимде жашап, иштегенин деле аңдабаса керек.

Чындыгында эле Өзбекстан пахта, Казакстан дан, Кыргызстан мал чарбачылыгына багытталгандыгы Москванын мамлекеттик планы болгон. Аны Т.Усубалиев жасаган эмес. Д.Кунаев, Ш.Рашидов, Т.Усубалиевдер Москвадан бекитилген пландарды аткаруучулар гана болгон. Т.Чынгышевдин ушул жагдайды түшүнүп-түшүнбөй казармалык, административдик-буйрукчул системанын кемчиликтеринин бардыгына Т.Усубалиев “күнөөлүү” деп, атайылап анын терс образын түзүүгө жасаган аракеттери анын субъективдүү эле пикири.

Жолборс Жоробековдун китебинде белгиленгендей, “Манас” эпосу боюнча албетте, И.Раззаковдун эмгеги бар. Коммунисттердин мамилеси “Манаска” карата амбиваленттүү болгон. Эпосту жыйноо, бастырып чыгаруу, орус тилине которуу иштери 20-30-жылдары колго алынып, изилдөө иштери башталган. Ошол эле учурда коммунисттик идеологияга туура келбеген эпостун идеялык катмарларын сындоо маселеси 30-жылдары эле козголгон. “Манас” эпосу боюнча биринчи илимий конференция 1935-жылы өткөрүлүп, анда К.Тыныстанов, М.Ауэзов, Е.Поливанов, Б.Исакеевдер баяндама жасашкан.

“Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү боюнча Эл комиссарлар кеңешинин токтому 1940-жылы 23- мартта чыккан. Ал эми Кыргызстан компартиясынын эпостун 1100 жылдыгын 1947-жылы белгилөө боюнча токтому 1945-жылы 8- сентябрда кабыл алынган. 1946-жылдагы Ждановдун докладынан кийин өлкөдө идеологиялык күрөш курчуган. 1947-жылы Кыргызстан компартиясынын катчысы К.Орозалиевдин “Кыргызстанда тарых илимин жана адабият таанууну өнүктүрүүнүн кезектеги милдеттери” (“Соеттик Кыргызстан”, 1947, №10) деп аталган вульгардыксоциологиялык макаласынан кийин Кыргызстанда идеологиялык күрөштүн оту тутанып, репрессиянын экинчи толкуну башталган. Китептеринен саясый “каталар” табылып, Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.Бектеновдор түрмөгө камалышат.

Замана агымынын өкүлдөрү Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылычтын чыгармалары, А.Токомбаевдин “Кандуу жылдар”, К.Маликовдун “Балбай” поэмалары идеологиялык жагынан “зыяндуу” деп саясый айып тагылып, тыюу салынат. Ушул мезгилден тартып “Манас” эпосуна да “чабуул” башталат. Эпостун тегерегиндеги дискуссиялардан кийин конференция өткөрүү чечими кабыл алынып, “Конференция өткөрүүнүн демилгечиси СССР ИАнын президиуму болгон ”(“Манас” энциклопедия”, 1995, 305-б.), конференцияны уюштуруу комиссиясынын төрагасы болуп В.П.Сухотин дайындалган. Исхак Раззаков эпоско каршы уюштурулган вульгардык-социологиялык сынга ачык каршы чыкпаса да маселенин илимий жол менен чечилишин туура көргөн. “Манас” эпосунун элдүүлүгү маселеси каралган, 1952-жылы өткөрүлгөн конференцияда 25 баяндама жасалган.

Москванын тапшырмасы боюнча Л.И.Климович, А.К.Боровков эпостун тагдырын чече турган негизги баяндамачылар болгон, калгандары кошумча баяндама жасашкан. Ждановчул-орозалиевчил идеологиянын негизинде эпосту “динчил, реакциячыл” деп баалаган бул негизги баяндамачыларды П.И.Балтин, Г.Нуров, Ж.Самаганов сыяктуу жергиликтүү демогогдор жандай чаап сүрөшкөн. Т.Сыдыкбеков, К.Маликов баш болгон жазуучулар эпостун элдүүлүгүн коргоп чыгышкан.

Ал эми А.Токомбаев болсо, эпосту негизинен жактаганы менен С.Орозбаковдун вариантында реакциячыл катмар, диндик мотивдер көп деп эпостун негизги вариантын жокко чыгарган. Б.Юнусалиев өз сөзүндө негизги баяндамачылардын жана алардын жандоочуларынын эпоско жасалма айып таккан демагогиялык концепцияларын ишенимдүү аргументтер менен төгүндөп, эпостунэлдүүлүгүн илимий негизде далилдөөгө аракет кылган. Бул фактылардан кийин белгилеп айтып кете турган бир жагдай, эгер эпостун тегерегинде идеологиялык дискуссия жүрбөсө, Б.Юнусалиев “Манас” эпосун изилдөөгө киришет беле, айтыш кыйын.

Анткени 1941-45 жылдары согушта жүргөн, 1945-50-жылдары эл агартуу комиссары болуп иштеген. 1949-жылы тил илими боюнча кандидаттык ишин жаңы коргогон. Бирок эпостун үстүнөн кара булут айлана баштаганда ал өзүнүн тил илими боюнча негизги илимий ишин токтотуп коюп, “Манас” эпосун изилдеп, аны коргоого баш-оту менен киришкени – чыныгы патриоттуулуктун үлгүсү. Эпостун элдүүлүгү боюнча конференцияда чечүүчү сөздү Б.Юнусалиев айткан деген пикирлер кыргыз окумуштууларынын арасында акыркы мезгилде көп айтыла баштады. Ж.Жоробеков да “Залкар окумуштуу К.Асаналиевден кийин бул окуяга кайрылышкан О.Сооронов, К.Бобулов (жакында бир макаласын окудум), профессор С.Мусаевдер М.Ауэзовдун деле ролун төмөндөтпөй, бирок негизги ролду Болот Юнусалиев ойногондугун далилдеп жүрүшөт. Мен да болгон материалдар менен таанышкандан кийин ушул топтун пикирин туура деп ойлойм” деген жыйынтыкка келиптир.

Эми конференциядагы айыгышкан полемикага кайрылып көрөлү. “Манас” эпосун башын канжыгага байлап, канын көөкөргө куюп коргоого киришкен К.Маликов, Т.Сыдыкбеков башында турган кыргыз интеллигенциясы, алардын каршысында турган А.К.Боровков, Л.И.Климович, Г.Нуров, П.И.Балтин, Ж.Самагановдордун вульгардык-социологиялык сын менен куралданган тобу кырдыбычак болуп кармашып жатат.

Биринчи топ “Манас” элдик” деген аргументтерин ортого койсо, каршы тарап эпосто “түркчүл, исламчыл катмарлар, феодалчыл мотивдер бар” деген кызыл кекиртек демагогияны жамынып, “элдик” деген аргументти жокко чыгарып, кабыл алган эмес. Ушундай кыйын кырдаалда кыргыз жазуучуларынын эмпирикалык деңгээлдеги баяндамаларынын фонунда Б.Юнусалиевдин баяндамасы илимий-теориялык жагынан негиздүү да, ынанымдуу да болгону ырас. Анткени “Манасты” изилдеп жүргөн илимий даярдыгы бар Т.Байжиев, З.Бектенов, Т.Саманчиндер ал учурда репрессиянын курмандыгы болуп түрмөдө отурган, К.Тыныстанов менен Е.Поливанов да репрессиянын кандуу капканына чабылган, Калим Рахматуллин ооруп, дүйнө салган.

Булак: Азия News гезити

Последние новости