www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Соңку убакта радикалдуу динчилдер менен светтик көз караштагы жарандарыбыз соцтармактардан катуу каршылашууда. Мындай тирешүү улана берсе, жыйынтыгын кандайча элестетебиз? Күч органдары эмне үчүн анализ жасап, баа беришпейт?

Өзгөчө ашынган динчилдер ачык эле согушка, ташбараңга алууга үндөп жатышат... Акылга келишпесе Кыргызстан экинчи Афганистанга айланып кетпейби?

- Өтө коркунучтуу жана кейиштүү нерсе. Мурун биз «орус-кыргыз, түндүк-түштүк» деп бөлүнчү элек. Анан уруулукка өттүк. Кыргызда биримдик болбойт окшойт. Бири-бирибизди аңдып, бөлүнүп эле турабыз.

Ал эми радикалдуу ашкере динчилдер өздөрү «бизде он-жыйырма чакты бутактарыбыз бар» деп айтышууда. Алар го алар, ханафи мазхабын кармангандар бар. Көбүнчөсү цивилдүү өлкөлөрдө тутунуп, момун мусулмандар экенин билебиз.

А биздин динчилдер өтө эле агрессивдүү болгону мени таң калдырат. Мындай карасаң, союз учурунда советтик тарбияга сугарылып, улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо, аял кишиге кандай мамиле кылат, балдарын кандай тарбиялайт (?) дегендин системасынан чыкчу эмес.

Ал эми азыр кимдин акчасы, же ким аларды көкүтүп атканы түшүнүксүз. Муну биздин күч органдарындагы атайын кызматтар көзөмөлгө алып, өз убагында тийешелүү чара көрбөсө, коомдо коркунуч жаралышы мүмкүн. Бирок, ошону менен катар үмүт да бар.

Анткени, кыргыз элинин кылым карытып келаткан, эч бир элде жок калыптанып калган каада-салты, үрп-адаты, ырым-жырымы бар. Урпактардан урпактарга өтүп келе жаткан дүйнөтаанымы менен биз өнүккөн өлкөлөрдүн катарында болуп, улутка жат болгон жагымсыз көрүнүштөрдөн арылабыз. Улут уңгусуна кайта турган күн келет деп ойлойм.

Булак: Азия News гезити

Последние новости