www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 7-июнда инновациялык борбордо министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун «Жаш лидерлер» долбоорунун катышуучулары менен жолугушуусу болуп өттү.
Акылбек Жапаров балдарды мындай маанилүү долбоорго ийгиликтүү катышкандыгы менен куттуктады. Аларды тил, илим үйрөнүүгө жана лидерлик сапаттарын өстүрүүгө үндөдү.
Ал белгилегендей, азыркы Кыргызстанда балдар кеминде төрт тилди: мамлекеттик, расмий, англис жана IT тилдерин билиши керек.
Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Билим берүү министрлиги жана жалпысынан министрлер кабинети бул үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылып жатат.
Андан соң Акылбек Жапаров балдардын суроолоруна жооп берди. Долбоордун катышуучуларынын бири анын жашоосунда үмүтү үзүлгөн учур болгонбу деп сурады.
Жапаровдун айтымында, андай учур окуучу кезинде болгон.
"Физика боюнча олимпиадада 18-орунду ээлеп калдым, бирок мен жетиштүү билем деп ойлогом. Айлам кетип, автобустан секирип кетким келди. Борбордогу мектепке которулган соң, өзүмдү "эң келесоо адам" сезгем", - деп билдирди төрага.
Министрлер кабинетинин төрагасы мектеп окуучуларына, жашоодо жыгылган учурлар болот, бирок эң негизгиси туруп кетүүнү үйрөнүү керектигин айтып, ошондо гана адам ийгиликке жетет деп баса белгиледи.
Андан тышкары Жапаров мектепте бешинчи атаман болгонун эстеди.
Булак: NazarNews.kg