www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Манас айылынын» айланасындагы чырдан улам, өлкөдөн сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болгон манасчы Дөөлөт Сыдыков – ал айылдын аймагын бийлик тартып ала баштаганда андай аракеттерге каршы коомдук пикир түзгөндүн ордуна эки белгилүү манасчы бийликке көмөктөшкөн деп чыкты. Өздөн чыккан жат деген ошол.
Кыргыздар кыргызбыз деп мактанабыз, бирок кыргызды кыргыз кылган «Манасты» азыр коргой албай жатабыз. Советтик мезгилде «Манас» эпосу басмырланып, жок болуп кетээр болгондо, ошол кездеги белгилүү илимпоздор тикесинен тик туруп, аны коргоп калган. Азыр болсо «Манасты» динчилерден коргогон Гүлзат Аалиева сыяктуу окумуштуулар соттолуп жатат.
Батыштан келаткан глобализация кыргызды жок кылат деп Европа менен Америкага каршылык көрсөтүмүш болобуз, бирок ичибизде «Манасты» жок кылып жаткан диний аракеттерге катуу сөз айта албайбыз. Алар болсо кыргыздын байыркы жана азыркы салтынын баарын жоюп, динден башка эч нерсе калтырбай коюуну көздөгөндөй.