www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тескери идеология менен коомубуздун кыйрап баратканына маектешим кооптонуп, улуттук намысыбызга чакырып, кыргыздарды өнүгүү жолуна түшүүгө чакырды. Ашкере диндешүүнү бүгүн токтотуп калбасак, эртең согуш талаасына айланып калбайбызбы?..

 –Кыргызстан геосаясатта өз ордун жоготтубу?

–Өлкөбүз эгемен алган алгачкы күндөн баштап, мамлекеттик идеологиябыз, балдарды тарбиялоо маселеси жокко чыгып калды. Мектептерде Союз учурундагыдай завуч мугалимдеринин иштери кыскарып, өтө азайып кетти. Пионер, комсомол уюмдары жоголду. Ошондо балдар кайсы багытка бет аларын билбей, аларга жол көрсөтө турган мугалимдер өздөрү да туңгуюкка кептелишип, “кандай коомго баратабыз, балдарга кандай тарбия беребиз, кимге карата түздөнөбүз?” деген бүдөмүк учурга туш келип, жөн эле караңгы тамдын ичинде томолонуп баскандай болуп калдык. Кыргызстан геосаясатта өз ордун жоготту. Улуу державалардын пешкасы сымал, бир жагынан америкалыктар, экинчи жагынан түрктөр, үчүнчү жагынан ислам өздөрүнүн идеологиясын сунуштап, киргизе баштады. Кыргызстан бир заматта бөлүнүп-жарылып, ливанизация коркунучунда калды (азыр деле сакталып турат). 1993-жылы Түркиянын президенти Тургут Озалдын Кыргызстанга жасаган расмий иш сапары маанилүү роль ойногон. Мамлекет башчыларынын сүйлөшүү жыйынтыгына ылайык, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир нече келишимдерге кол коюлган. Тургут Озалдын визитинен кийин жаңы эгемендик жолуна түшкөн өлкөнүн болочок өнүгүү жолу мындан ары түркиялык багыт менен түздөлөөрү туурасында иштер жүрө баштаган. Анын ичинде түрк билим системасы болгон Себат кирди. Совет доорундагыдай эле кудум мектепке чейин, мектеп, андан кийин жогорку окуу жайы, анан аспирантура делип. Америкалыктар да 90-жылдары өздөрүнүн күчтөрүн көргөзүп, канчалаган жаштарыбызды Америкага алпарып, үй-бүлөлөрдү жашатып, демократиялык дух дегендерди киргизди. Бул кыргыз жаштарынын бир бөлүгү болуп калды. Үчүнчү бөлүгү – россиялык үй-бүлө, орус тилди үйрөнгөн, орусча мектепти окуган КРСУ баштап өзүнчө бөлүнүп калды. Исламды өткөрүп аткан өлкөлөрдүн акчасы көп. Алар куранды окутуп аткандын бирден-бир максаты катары араб тилин үйрөтүү. А тил эмне? Тил – адам менен адамдын ортосундагы баарлашуу каражаты. Ошондуктан түшүнүп атышат, араб тилин үйрөтмөйүнчө өздөрүнүн идеологиясын жүргүзө албай турганын. Кантип үйрөтөсүң? А жерде классикалык адабият  болбосо, балдарды өзүнө тарткан мультфилмдер болбосо же башка методикалык окуу куралдары болбогондон кийин куранды күч менен үйрөтүшүүдө. Акаевдин тушунда мектептен да көп мечиттер курулган. Бу да бекеринен эмес чыгар. Мүмкүн “Орто Азияга илгерки Ислам халифатын тургузабыз” деген геополитикалык саясат менен күчкө салып киригизишүүдө. Өзбекстан болсо Кыргызстандан айырмаланып, Ислам Каримов мечит куруу, кыз кишиге хиджап кийгизүү, өздөрүнүн салтына ылайык эмес самсаалаган пакистан кийимдерине, ыксыз сакал коюга катуу тыюу салуу менен кармалып турду. Өлкөбүздө демократия деген лозунг менен “Биз эгемендик мамлекетти сактап кала алабызбы? Өзүбүздүн каада салтыбызды, үрп-адатыбызды жандандырып, улут катары дүйнөдө өз ордубуз болобу? Башка өлкөлөр менен теңата сүйлөшүп геосаясаттын туура багытын таба алабызбы, келечегибиз кандай болот?” дебей эле акча бергендин кулу болуп калдык.

–Азыркы жаштардын көз карашы, дүйнө таанымы боюнча катмар-катмарга, топ-топко бөлүнгөн таасир калтырат. Сиз буга не дейсиз?

–Андайды мен да байкайм. Анткени түркчө окуп, түркчө билим алып аткандар өзүнчө корпорация болуп калды. Америкада окугандар өздөрүн элитарный, космополит адамдар катары жогору коюп алар өзүнчө. Ислам дининде окугандар мыйзамдар иштебей, коомдо адилетсиз нерселер болуп, коррупция бүт жерди каптап турганда, жаш балдар тазалыкты издеп, “мыйзамченемдүү нерселерди ким айта алат?” деп турган учурда чала молдолор аларды аябай колдонушту. “Бул дүйнөдө жаман болсоңор да тиги дүйнөдө силерди жакшылык күтүп турат” деген туура эмес идеологиянын максаты менен арабизацияны киргизип, алар өздөрүнчө топ болуп атышат. Дагы бир жолу айтайын, арабдардын орустардай болуп дүйнөнү суктандыра, таасирленте турган адабияты жок, англо-америкалык илгеркидей профессионалдуу сымал маданияты болбогондон кийин акча табуу, садака бергенден, Меккеге баргандан башка эч бир көзгө урунттуу нерсесин көрбөй турам. Мекке өзү башка мамлекеттин чоң бизнеси. Мына ушуларды жаштар аңдабай жатканы өкүндүрөт.

–Жаштарга быйыл экинчи ирет өткөн Көчмөндөр оюну тарбияга, патриоттук сезимин ойготконго негиз боло алабы?

–Негиз боло алат. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюну бизде экинчи ирет өттү. Аябай жакшы өттү десем да жаңылбайм. Кыргыздын ата-бабадан келаткан каада-салты, үрп-адаты, оюн-зооктору, ырым-жырымдары, маданиятыбыз бүтүндөй бойдон дүйнө жүзүнө даңазаланды. Биз эле эмес, өз көздөрү менен көргөн чет элдиктердин баары суктануу менен айтып атышат. Келечеги кең экенин дагы бир ирет далилдеп койду. Жаштар мындан үлгү алып, патриоттук сезимдерин козгоп, башка элдин бүдөмүк маданияттарына умтулбай, ата-тегибизден келаткан тарыхыбызды талдап, жакшы жактарын кайрадан жандандырса гана “Кыргыз” деген улут сакталып каларын эстен чыгарбаса экен. Менин тилегим ушул.

–Мурутун кырып салып, ээгине эрбейген 2-3 тал сакалы бар, узун көйнөк кийип алган эркектер, кара хиджап жамынган кыз-келиндер көбөйдү. Бизге ушу керекпи?

–Мындан 4-5 ай мурун айылга барып, аксакалдуу аталар, ак элечектүү апалар менен бир тасмалда отуруп калдым. Алар да ушундай көрүнүшкө кабатырланып жаткандарын жашырышкан жок. Бир аксакал киши: “Илгери биздин ата-бабаларыбыз сакал-мурут коюу жагын катуу көзөмөлдөшчү. Үйлөнө элек балага эч качан мурут койдурчу эмес, сакал жөнүндө айтпай эле коеюн. Сакалды атасы бу дүйнөдөн өтүп кеткенде же пайгамбар жашына таяган учурда кое бергенге уруксат беришчү” деди. Ошол эле жерде отурган 90 жашка караган бир апа: “Хиджапты кыргыздын аялзаты эч качан кийген эмес. Баштарына үкү топу, жоолук, элечек кийген. Каяктан эле “хиджап” деген неме чыга калды? Бул биздин турмушубузда карааны да жок болчу” деп далайга кызалаңдады. Анысы ал, биздин эле шаардан эки жума мурун бир жигит менен кызды көрүп калдым. Кыз капкара хиджап кийип алыптыр. Тартынбай эле жандарына барып: “Чоң кыз, сизге көңүл айтайынбы? Жолдошуңуз кайтыш болду беле?” деп сурадым. Жанындагы жигит чочуп кетип, “жолдошу мен болом, кайтыш болбой эле” дейт. “Бизде жолдошу кайтыш болгон жубандар гана кара кийинишет. Эрежеси ушундай” десем, кыз “Исламга ишенебиз. Мусулманбыз” деди. Эми ушу кантип болсун?

–Мүмкүн Араб өлкөлөрүндө ушундай кийинишет чыгаар, ошолорду туурап аткандыр…

–Эки жолу Бириккен Араб өлкөлөрүнө илимий конференцияларга барып келдим. Жанагы принц же бизче шейхтерин деле көрдүм. Эч бир сакал-макал койбой эле таптатынакай эле жүрүшөт. “Туурап аткандыр” деп кеттиңиз. Мен буга мындайча жооп берейин. Мамлекетибиз өзүбүздүн идеологиябызды, өзүбүздүн жолубузду тапмайынча ушундай бөлүнүү болот. Эгемендик алгандан бери чейрек кылым өттү. Мен “Кыргызстан ливанизация болуп кетпейби?!” деп корком. Анткени өзүңөр билесиңер, Ливан кандай сонун мамлекет эле? Көздүн жоосун алган сулуу өлкө болчу. Анан бирөөлөр суннит, бирөөлөр шийит, бирөөлөр христиан болуп, ич ара конфликттер башталып, акыр аягы бардыгы ыдырап, “ливанизация” термини ушундан пайда болгон. “Биз да ушундай (анын бетин ары кылсын) жолго түшүп кетпесек экен” деп чочулап турам. Жана жогоруда айтып кеткендей, биздин жаштар проамерикалыктар, пророссия, протүркиялыктар, проарабизация болуп, бөлүнүп-жарылуу жолдорун тандап алгансып турушат. Социологиялык иликтөөлөр боюнча кыргыз жаштары 8 пайыз гана улуттук жолду тандап, патриоттук сезимдерин билдиришкен экен. Мунун өзү мамлекетибиздин туруктуулугу, келечеги үчүн өтө кооптуу.

–Мектепте окуган кыз балдар жолук салынып жүргөндөрү кандай жорук-жосунга жатат?

–Мен дагы бир жолу кайталайын, классикалык ислам динин тутунушсун. Аларды эч ким “кой-ай” дебейт. Эч ким каршы чыкпайт. Баарыбыз эле көздөрү өтүп кеткен ата-энелерибизге куран окутабыз. Кыргызстан светтик өлкө экенин унутушпасын. Мамлекет сунуштаган бир өңчөй мектеп формасын кийсин, мыйзамды сыйлашсын. Ошо мектеп жашындагы бала Ислам динин тереңден билеби? Суроо туулат. Керек болсо ошолордун ата-энеси деле билерине көзүм жетпейт. Өткөндө Ысык-Көл жергесин бир айлана кыдырып чыктым. 2-3 мектепте гана аз-маз окуучу кыздар жолук салынып келип атыптыр. Мугалимдер “жолук салынбай келгиле” десе, ата-энелери “анда кызыбызды мектепке бербейбиз” деп коркутат имиш. Ушу кантип болсун? Бул кайсы жорук-жосунга жатат? Ал эле эмес, кээ бир бала бакчаларда 4-5 жаштагы наристелер намазга жыгылып атканын угуп алып, аябай жиним келди. Даватчы сакалчандар толуп кетти. Буга мамлекет кыраакы изилдөөлөрдү жүргүзүп, фанатизмге айлантпай, башкача жолдорун табышса дейт элем. Мен билгенден 90-жылдары биздин көпчүлүк жарандар ишсиз калгандын натыйжасында, каражаттын тартыштыгынын айынан баптисттерге өтүп кетишкен. Анткени алар аз-маз акча берип, “Братья Христе тууганбыз. Манастын атасы Жакып, Яков биздин периштелер” деп азгырышкан. Алардын артында биздин идеологияга согуш ачкан, Кыргызстанды бөлүп-жарган чоң саясатчылар отурушат. Кандай болгон учурда биз жаштарга “Америкада окуп америкалык, Арабияда окуп араб болуп кетпейсиңер. Кыргыз кыргыз бойдон калыш керек” деп айтыш керек!

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ   

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости