www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустан 106 киши каза болду

Ухань шаарында чыккан коронавирустан каза болгондордун саны 106га жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда,  коронавирустун жаңы тиби менен ооругандардын саны 4515ке жетип, анын ичинен 106 киши каза тапты. 976 адамдын абалы оор, ал эми 60 бейтап ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары,  6973 адам вирус жуктуруп алышы мүмкүн деп текшерүүдө турушса, дагы 44132 кишиге байкоо салынып жаткандыгы айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек кечээ, 27-январда күндүзгү расмий маалымат боюнча көз жумгандар 80  болсо, илдет жуктургандардын саны 2744 эле. Эми минтип бир суткада эле,  вируска 1771 киши кабылып, 26 өлүм катталган (Хубэй провинциясында — 24, Пекинде бирөө, Хайнань провинциясында бирөө).

 Аталган оору Кытай мамлекетинен Түштүк Корея, Япония, АКШ, Таиланд, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзия өлкөлөрүнө чейин жеткени маалым болду.
Эске салсак, адам организминде буга чейин кездешпеген вирустан улам,  дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү коопсуздук чараларын күчөтүп жатышат. Кыргызстан Кытай менен каттамдарды убактылуу токтотконун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында билдирген.


Булак:NazarNews.kg 

Последние новости