www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Донецк облусунда бир киши 81 жаштагы аялды 10 тоок жумурткасы үчүн балта менен чаап салган. Бул тууралуу “112 Украина” жергиликтүү прокуратурага шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 23-январда болжол менен саат 09:00до болгон. Белгисиз адам жайкы ашкананын терезесин сындырып, ондогон жумуртканы уурдоого аракет кылган. Босогодон үйдүн ээсин көрүп балтаны ала калып башына үч жолу чаап салган.

81 жаштагы аял баш мээси чайкалып, жабык баш сөөк жаракат жана билегинен да жабык жаракат алган.

Кылмышкер полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости