www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гулуасал Садырбаева:

Биздин кайгылуу, чоң жоготууга кабылганыбызга быйыл он бир жыл болуптур.
2008-жылдын 28-майында биз үчүн эң кымбат
адамыбыз, таянар тообуз, Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл артиси, Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты, чыгаан саясатчы, кинорежиссёр, кыргыз элинин ДОКЕсинен айрылганбыз.
Ал кезде биз үчүн жашоо токтоп калгандай сезилген, бирок убакыт баарын даарылайт экен, жашоо уланып жатат, Докесиз...
Тирүү болсо быйыл 80 ге чыкмак, туулган күнүндө куран окуттук, иш чарага өлкө башчысы Сооронбай Шарипович катышып, 80 жылдык мааракесин, күзүндө мамлекеттик деңгээлде өткөрүлөрүн айтты. Мааракеге карата акемдин жоон топ досторуна тамаша иретинде айтылган керези боюнча Ала-Бел ашуусуна эстелиги коюлмай болду.

Туулган күнүнө карата бир топ чыгармаларын соц.тармактар аркылуу жарыялап, кыргыз элинин акемди сагынганын, чыгармаларын берилип, ынтызаарлыкта окугандарын, жазган пикирлеринен, колдоп баскан каалоолорунан байкадым.
Агамдын күйөрмандарына, туугандарынын атынан биз менен кошо эскерип жүргөнүңүздөргө терең ыраазычылык билдиребиз!. Бар болуңуздар!

 

Последние новости