www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убакта Чүй аймагынын кадрларын СДПК фракциясынын атка минери Иса Өмүркулов тейлеп келатат. Ошондуктан, Чүй аймагында аким болгондордун ыйкы-тыйкысы көп. Чүй аймагына кандай адамдар аким болуп келет? Алсак, Иса Өмүркулов жакын тууганын туулган күнүнө майрамдап барат. Жүз граммдан ой-да бастырган соң Иса Өмүркуловдун ичи ысып кетет да Ысык-Атанын акимдигин жакын тууганынын туулган күнүнө “падарить” этип коёт. Сокулуктун акими соолуп бараткан өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин канатына калкаланып жүргөн жакын тууганы. Бул шүдүңгүттү Абылгазиев бапестеп багып, тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай Кыргыз өкмөтүндө өз оокатын кылып жүргөн. Абылгазиевдин эрке талтаң “отдел кадры”, Чүйдүн Сайлык айлынын кулуну, премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев мурдунан жетелеп келип Орок айлындагы оркойгон чырдан соң Сокулукка отургузуп койгон. Сокулукта кыргыз - түрк болуп чабыша кетип, анын зыянын журналистти “өңү суук” деп койгон Чүй облусунун ошол кездеги губернатору Туйгуналы Абдраимов менен, Сокулуктун ошол кездеги акими тарткан. Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев улут ортосундагы кагылышуу болуп жатса, энтигип элди ойлобой, кызмат бошоп калган тура деп, колун ушалап өз жакынын Сокулукка аким кылганга шашкан.

Чүйдүн Батыш тарабындагы дагы бир районунун Бишкекти жеп Орусияда качып жүргөн Арстанбек Ногоевдин “самопал” уулу аким болуп жетектеп турат. Булар тууралуу өзгөчө сөз уланат

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости