www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда блогердик ишмердүүлүгү үчүн психикалык ооруканага жаткырылган Нафасат Оллошукурова 18-январда Өзбекстандан качып кеткендигин жана ал барган өлкөдөн качкын статусун сурагандыгын маалымат каражаты менен болгон маекте айтып берди.

Анын айтымында жиндиканада кармалып турган учурда блогерге кысым көрсөтүлүп, ага “шизоферния” диагнозу коюлган. Психикалык ооруканада  чачынан сүйрөшүп, моралдык жана физикалык кыйноого туш болгон.

Акыркы жолу ал Ургенчтеги пикетти түз эфирде чагылдырып, милиция кызматынын дарегине “иштебей жатышат” деген сыяктуу сөздөрдү айткан эле.

Блогер: “ Кетип жатканымды эч кимге айтпай, аэропорттон тоскоолдуксуз чыгып кеттим жана блогердик ишмердүүлүгүмдү  токтотпой, адам укугун коргоону уланта берем.

Жиндиканада жатканымда мени көргөнү Өзбекстандын омбудсмени, укук коргоочулар келишкен, аларга кыйноолор жөнүндө айтып бергемин. Бирок эч кандай реакция кылышкан жок.

Мен Өзбекстанда калган балдарымдын абалынан, аларды өлкөдөн чыгарууга тоскоолдук жаралышы мүмкүн экендигинен коркуп жатам”,-деп кабарлаган ал.

Эми блогер чет өлкөдө көз карандысыз эксперттерттердин жардамы менен акыл-эси ордунда экендигин далилдөөнү көздөп жаткандыгын айтты.

32 жаштагы мугалим-блогердин үч жашка толо элек эгиз балдары бар.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости