www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эле мамлекет тарабынан мекемеси тартылып алынган «Эл Аралык мыйзам, финансы жана Бизнес башкаруу академиясы» студенттеринин башын айлантуу менен окутууга күмөндүү укугу, тактап айтканда лицензиясы менен иш алып барууда деген кептер тарап жатат. Академиянын студенттери окуу жай тараптан да, министрлик тараптан да колдоо болбой, көчөдө калгандарын айтып арызданышууда.
Сөз башынан болсун, жакында эле Кыргыз Республикасынын Генералдык прокуратурасы тарабынан Эл Аралык мыйзам, финансы жана Бизнес башкаруу академиясы тарабынан бир нече мыйзам бузуулары ачыкталган. Мындан тышкары, окуу жай 20 жылдык өзүнүн иш алып баруусунда 200 млн. сомдон ашык мекеменин ижара акысын төлөбөгөнү аныкталган.
Генералдык прокуратуранын иликтөөсүнүн натыйжасында аныкталган мыйзамсыз жасалма документтер жокко чыгарылып, мамлекеттин пайдасына 445 млн. сомдук кыймылсыз мүлк кайтарылып алынганы айтылган. Ага кошумча Билим берүү министрлиги тарабынан да аталган академия студенттерди окутуу укугунан, тактап айтканда лицензиясынан ажыратылганы кабарланган.
Азыркы убакытта Генералдык прокуратуранын, Билим берүү министрлигинин жана Академиянын сайтында ал жакта окуп жаткан студенттер үчүн так маалымат берилген эмес. Жогоруда айтылган маселени эске алуу менен окуу жайдын студенттери так маалымат берүүнү талап кылышууда.
Мындан сырткары, студенттердин башка Жогорку окуу жайларга которуу процедурасы күмөндүү ойлорду жаратат. Мисалы, үчүнчү, экинчи курс болсоң да, башка окуу жайга которулганда бир курска ылдый отура аласың. Муну кандай түшүнсөк болот? Өз убагында Отто фон Бисмарк айткандай, «Билимден үнөмдөгөндөр түрмө салат», - деген кептей болбосун. Прогрессивдүү жаштарга окууга мүмкүнчүлүк берип, аталган академияга өзгөчө көңүл буруп, мыйзамды көзөмөлдөөчү орган катары прокуратура кайрадан иликтөө жүргүзүүсү зарыл. Ал эми Билим берүү министрлиги студенттердин укугун коргоп, талаада таштабай, мындан аркы окуусун үзгүлтүксүз улантып кетишине шарт түзүп берүүгө милдеттүү.
Булак:NazarNews.kg