www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселона” менен Азия легендаларынын футболдук беттеши башталды.

Беттеш төрт каналдан, ошондой эле ЭлТР телеканалынын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында түз алып көрсөтүлүүдө.

Оюн 30 мүнөттүк эки таймдан турмакчы.

"Барселона" футбол клубунун легендарлуу оюнчулары Альберт Хоркер, Карлес Пуйоль, Жулиано Белетти, Эдгар Давидс, Рональд де Бур, Франческо Коко, Хавьер Савиола, Людовик Жюли, Ривалдо Азиянын командасына каршы оюн көрсөтөт.

Азия командасынын курамында Самат Смаков, Фань Чжии, Руслан Сыдыков, Амандурды Аннадурдыев, Хидэтоси Наката, Мухсин Мухамадиев, Андрей Канчельскис, Мирджалол Касымов, Андрей Карпович, Хуршит Лутфуллаев бар.

Оюнга президент Садыр Жапаров катышып, Азия командасынын курамында ойномокчу.

Оюнга Бахадыр Кочкаров, Равшан Ирматов жана Абдухамидулло Расулов калыстык кылат.

Эске салсак, "Барселона" клубунун президенти Жоан Лапорта жана каталониялык команданын экс-оюнчулары 28-августта аталган клубдун Жалал-Абаддагы футбол академиясынын ачылышына, ошондой Бишкекте Барселона академиясынын имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышуу үчүн учуп келишкен. Кыргызстанда футбол академиялары жергиликтүү компания сатып алган франшиза менен ачылууда.

Күн мурун, 29-августта салтанаттуу жагдайда Жалал-Абад шаарындагы “Барселона” футбол академиясын ачылса, бүгүн, 30-августта Бишкек шаарында испаниялык клубдун академиясынын курулушуна капсула салынды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости