www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иши жүрбөй, жүдөп калган Кайрат Иманалиев чоңоёбу?

Кайрат Иманалиев радиожурналист катары калыптанып, Бексултан Жакиев сыяктуу аваларынын жардамы менен “кара үкөк” КТРКнын төрага орун басарына чейин барып, анан маданият министринин орун басарына чейин жетип, бирок эч жерде жыйынтык көрсөткөн учуру болгон эмес.

Тамадалыгына салып тили сайраганы менен, ал мамлекеттик идеологиянын баш-аягын таба албай бодолонуп, иштей албай, иштин көзүн таппай кайсалап турган чагы. Же опера жана балет театрындагы чырды баса албайт. Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн тосууну жөндөп уюштура албай президенттен сөгүш алган.

Эми ушинтип өзүнөн өзү жүдөп, иштей албай жаткан министр Кайрат Иманалиевди Анкарага ТҮРКСОЙго башкатчы кылып чоңойтуп жиберип жатышканы эмнеси? Маселен, азыркы ТҮРКСОЙдун башкатчысы Дүйшөн Касейинов Казакстандын белгилүү композитору, боордош элдин маданият, искусствосуна эмгеги сиңген, бүткүл түрк элдерине кеңири белгилүү инсан.

Эми ушундай кадыр-барктуу уюмга өз ишин жөндөп алып кете албаган, жалаң тааныш-билиш менен кызматка жетип жүргөн чиновникти жөнөтүү Кыргызстанга абийир алып келбейт.

Маданият, адабият жана искусствого эмгеги сиңген, коңшу элдерге да кеңири белгилүү, мамлекеттик кызматтарда да тажрыйбасы бар Аликбек Жекшенкулов, Акбар Рыскулов, Түгөлбай Казаков, Абдиламит Матисаков, Жедигер Саалаев сыяктуу агаларыбыз турса, Кыргызстан баягы ит оорусун карматып, тааныштыкка салып, бир жүдөгөн министрин ТҮРКСОЙго жөнөтүптүр (!) деп кепке кемтик болобуз го?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости