www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пермь: Тимур Бекмансуровду VIP-палатага которушту

Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде ок чыгарган уюштурган Тимур Бекмансуров жалгыз VIP палатага жаткырылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына “каза болгондордун же жабыркагандардын туугандарынын бири Бекмансуровдун палатасына кирип кетиши мүмкүн” деген маалымат келип түшкөн. Бул кабар расмий түрдө ырастала элек, бирок коопсуздук күчтөрү анын коопсуздугун күчөтүүнү чечишкен. Бейтап жаткан палатага бейтааныш адамардын киришине тыюу салынган.

Бекмансуровдун абалы оор бойдон калууда. Балким, ал жасалма бөйрөк менен жашоого аргасыз болот.

Эске салсак, 20-сентябрда эртең менен юридикалык факультеттин студенти Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин имараттарынын биринде ок чыгарган. Натыйжада, Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин такталган маалыматы боюнча, алты адам каза болуп, 24 адам жаракат алган. Кол салган адам кармоо учурунда жарадар болуп, ооруканага жаткырылган. Бул факты боюнча Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгү (эки же андан көп адамды өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Кийин Бекмансуровдун атасы орусиялык ММКларга уулу эч ким менен сүйлөшпөй, компьютердик оюндарды ойноорун айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости