www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окумуштуулардын изилдөөсү кош бойлуулуктун экинчи жарымында киндик канда антителонун деңгээли жогору болорун көрсөткөн.

Нью-Йорк университетинин окумуштуулары коронавируска каршы вакцина алган кош бойлуулар карынында жаткан баласына антитело бере аларын аныкташты. Бул тууралуу Daily Mail сайты жазды.

Изилдөөчүлөр энелери Pfizer жана Moderna вакциналарын алган 36 наристеден кандын үлгүсүн алган. Натыйжада бардыгынан коронавируска каршы антитело табылган. Изилдөө кош бойлуулуктун экинчи жарымында киндик канда антителонун деңгээли жогору болорун көрсөткөн.

Эксперттер изилдөөнүн жыйынтыгы таң калычтуу эмес экенин, анткени мындай учурлар башка препараттарды сайганда дагы кездешкенин айтышкан. Адистер вакцина бир эле учурда эки өмүрдү, эне менен баланы олуттуу оорулардан сактай турганын белгилеп жатышат.

Буга чейин ДССУнун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге кош бойлуулар коронавирусту оор көтөрө турганын жана бул түйүлдүккө да терс таасир этерин билдирген. Эл аралык уюмдун маалыматы боюнча, 35 жаштан өткөндөр тобокел тобунда турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости