www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдоочулардын эсине! Эртең Бишкектин көчөлөрү жабылат. Тизме

Бишкекте 26-сентябрда көпчүлүк көчө жабык болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бул күнү эл аралык "Ак илбирсти сактайбыз" жарым марафону өтөт.

Негизги маршрут (21 чакырым) саат 07:00дөн 10:00гө чейин жабылат:

Чүй проспектисинин Манастан Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Абдрахманов көчөсүнүн Чүйдөн Иманалиевге чейинки бөлүгү;

Иманалиевдин Абдрахмановдон Чыңгыз Айтматовго чейинки бөлүгү;

Масалиев көчөсүнүн Абдрахмановдон Чыңгыз Айтматовго чейинки бөлүгү;

Чыңгыз Айтматов проспектисинин Иманалиевден Чүй проспектисине чейинки бөлүгү.

Жолдордун эрте жабылышына маршрутка хронометраждын электрондук системасын орнотуу, катышуучуларга тамактануу пунктун уюштуруу иш-чараларынын аткарылышы себеп. Маршрут жалпы жонунан үч саатка жабылат.

Андан соң төмөнкү көчөлөр четинен ачыла баштайт:

07:20 — Чүй проспектисинин Эркиндиктен Абдрахмановго чейинки бөлүгү;

07:28 — Абдрахмановдон Горькийге чейин;

07:43 — Байтик баатырдан Ахунбаевге чейин;

07:55 — Байтик баатырдан Масалиевге чейин;

08:11 — Масалиев көчөсүнүн (түндүк тарабы) Советскийден Чыңгыз Айтматовго чейинки бөлүгү;

08:25 — Байтик баатырдан Иманалиевге чейин;

08:28 — Иманалиевден Чыңгыз Айтматовго чейин;

08:52 — Чыңгыз Айтматовдон Масалиевге чейин (түштүк тарабы);

09:08 — Масалиев көчөсүнүн (түштүк тарабы) Чыңгыз Айтматовдон "Ала-Тоо" ресторанына чейин;

09:22 — Чыңгыз Айтматов проспектисинен Ахунбаевге чейин;

09:35 — Чыңгыз Айтматов проспектисинен Горькийге чейин;

09:46 — Чыңгыз Айтматов проспектисинен Москвага чейин;

09:51 — Айтматов проспектисинен Чүйгө чейин;

09:55 — Чүй проспектисинен Тоголок Молдого чейин;

10:00 — Чүй проспектисинен Панфиловго чейин;

11:00 — Орозбеков көчөсүнүн Чүйдөн Абдымомуновго чейинки бөлүгү, Абдымомуновдун Орозбековдон Раззаковго чейинки бөлүгү, Раззаковдун Абдымомуновдон Чүй проспектисине чейинки бөлүгү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости