www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылы өлкө экономикасынын реалдуу секторундагы ишканалардын дебитордук карызы көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Маалыматка таянсак, былтыр карыздын бул түрү мурдагы жылга салыштырмалуу 35 пайызга же 40 миллиард 562,3 миллион сомго көбөйүү менен 156 миллиард 352,7 миллион сомду түздү.

Дебитордук карыздын жалпы көлөмүндөгү эң чоң үлүш дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (29,3 пайызы), иштетүү өндүрүшүндөгү (15,7 пайызы), курулуш (15,3 пайызы), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердиктер (8,7 пайызы) ишканаларынын карыздарына туура келди.

Акчасын ала албай жүргөн компаниялардын көпчүлүгү Бишкек шаарында (62,4 пайызы) жана Чүй облусунда (11,8 пайызы).

Дебитордук карыз — бул ишкана өз товарын кардарга сатып, бирок анысы үчүн ала элек акы. Көпчүлүк учурда карызын өз убагында кайтарып ала албай калган компаниянын ишинде финансылык тоскоолдуктар жаралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости