www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.
Демилгечи - Министрлер кабинети.
Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков тааныштырган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» 2025-жылдын 5-декабрындагы № 350 Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Анда төмөнкүдөй өзгөртүүлөр сунушталууда:
- Зергердик өндүрүшү үчүн керек болгон жабдууларды, технологияларды жана жарым фабрикаттарды импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу, чет өлкөлүк көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуу үчүн зергердик буюмдарды ташып чыгарууда бажы жыйымдарын жана салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди жана преференцияларды берүү.
- Легалдаштыруу мезгилинде салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө мораторий белгилөө менен баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын мурда ташып киргизилген же өндүрүлгөн калдыктарын эки айдын ичинде легалдаштыруу.
- Үч жылдык мөөнөткө жеке жана юридикалык жактарды автомототранспорт каражаттарын сатууда салыктарды төлөөдөн бошотуу.
- Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылган же чогултулган транспорт каражаттарын, алардын комплекттөөчүлөрүн саткан учурда сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу.
- Тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкаларын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүү.