www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын  27-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты авиатранспортту пайдаланууда учуулардын коопсуздугуна өбөлгө түзүүчү коопсуз практиканы жана тийиштүү жол-жоболорду сактоону камсыз кылуу менен коопсуз учууларды камсыздоо болуп саналат.

Тактап айтканда Мыйзамда текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин жана жол-жоболорун жөнгө салуудан төмөнкү мамлекеттик органдардын алынып салынуусу каралган:

— автомобиль жана суу транспортундагы иштерди жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды;

— жарандык авиация жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости