www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
31-декабрда президент Садыр Жапаров “Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Ишкерлерге, юридикалык жана жеке жактар үчүн бир катар жеңилдиктерди киргизүүнү караган бул мыйзам жыл жаңыргандан тарта күчүнө кирди.
Документ мамлекет башчысынын 2025-жылдын 5-декабрындагы “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Мыйзамда каралган жеңилдиктерге токтолсок:
зергерчилик өндүрүшү үчүн арналган жабдуулар, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар үчүн кошумча нарк салыгы алынды;
2029-жылдын 1-январына чейин транспорт каражаттарын сатууда юридикалык жана жеке жактар салык төлөөдөн бошотулду;
2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде транспорт каражаттарын кайра экспорттоо операцияларынан улам келип чыккан жеке жактардын салыктык карызын эсептен чыгаруу каралган;
ишканалар тарабынан өндүрүлгөн жана/же чогултулган транспорттук каражаттарды, ошондой эле аларга комплекттелген буюмдарды сатуудан салык төлөөдөн бошотуу каралган;
2030-жылдын 1-январына чейин тигүү жана текстиль өнөр жайында иштеген кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысынан алынуучу киреше салыгынын минималдуу өлчөмүн 1 пайыз өлчөмүндө жана тигүү жана текстиль өнөр жайынын бардык субъекттери үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бирдиктүү ставкалары белгиленген;
мүлкүн ижарага берген адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы жеке ишкерлер үчүн белгиленген ставкага барабар, башкача айтканда, орточо айлык акынын кыскартылган суммасынын 6%ы өлчөмүндө белгиленген;
Кыргызстандын аймагынан тышкаркы ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү (учурда 1 пайыздык ставка);
чет мамлекеттин банкы аркылуу жүргүзүлгөн транзакцияга салыктын ставкасы 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү (учурда 0,2 пайыздык ставка);
баалуу металлдан жасалган зер буюмдарынын мурда импорттолгон же өндүрүлгөн калдыктарын 2 айдын ичинде легалдаштыруу, легалдашуу мезгилинде салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөргө мораторий киргизүү каралган;
алкоголдук продукцияны чекене сатууга лицензия берүү алып салынды;
арбитраждык соттордун карамагынан салыктык талаштарды кароо алып салынды.
Мындан тышкары, мыйзам менен Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди:
зергерчилик буюмдары менен атайын эсепке турбай иш жүргүзүү үчүн жоопкерчиликти караган жаңы берене киргизилди (жеке жактар үчүн айып пул – 5 миң сом, юридикалык жактар үчүн – 13 миң сом);
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып өткөнү үчүн 311-берене боюнча жоопкерчилик күчөтүлдү (жеке жактар үчүн айып пул 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин көтөрүлдү, юридикалык жактар үчүн 28 миң сомдон 65 миң сомго чейин көтөрүлдү.
Жыл ичинде кайталап жасалган аракеттер үчүн жеке жактар үчүн 20 миң сомдон 40 миң сомго чейин көтөрүлдү, юридикалык жактар үчүн 65 миң сомдон 100 миң сомго чейин көтөрүлдү.
Кайталап бузуу болгон учурда товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо каралган.
Белгилей кетсек, мыйзамды 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш кабыл алынган болчу.