www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мальдив аралдары дүйнө жүзүнө бейиштей эс алуу жайы катары таанылган. Ак кумдуу пляждар, көгүлтүр океан, люкс мейманканалар жанга жагымдуу эс алуу тартуулай турганы жомоктогудай даңазаланат.


Бирок бул кооз көрүнүштүн артында туристтерге көрсөтүлбөгөн ачуу чындык бар.

Жыл сайын жүз миңдеген туристтер келген Мальдивде таштанды маселеси өтө курч. Бул табигый көрүнүш. Бирок топтолгон таштанды кайда жана кандай жол менен жок кылынат деген суроодон Мальдив “бейишинин” иллюзиясы урай баштайт.


Анткени, эс алуучулар калтырган калдыктар Тилафуши аралына топтолгон. Бул арал мурда жапжашыл лагуна болсо, 1990-жылдардан тарта чоң таштанды полигонуна айланган. Натыйжада арал “жашоого жараксыз” мейкиндикке айланды.

Бүгүнкү күндө Тилафуши жасалма аралга айланып, анда ондогон завод-фабрикалар иштейт. Таштандыны сорттоп, өрттөп, өндүрүштө иштеген миңдеген мигранттар ушул жерде жашайт. Таштандыларды ачык өрттөө уулуу түтүн чыгарып, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирүүдө. Айрым таштанды ташуучулар калдыктарды түз эле деңизге төгүп жиберген учурлар да кездешет.

Расмий бийлик таштанды өрттөөгө тыюу салынганын жана калдыктар чет өлкөлөргө чыгарылып жатканын айтат. Бирок жергиликтүү эл чындык башка экенин билдирет. Тилафушинин үстүнөн чыккан кара түтүн, булганган суу жана оор экологиялык абал Мальдивдин “бейиш” деген аталышына көлөкө түшүрүп турат.

Демек, Мальдив учурда экологиялык кризиске туш болуп турган аймак. Социалдык тармактардагы кооз сүрөттөрдүн артында дал ушул чындык жашырылып турат.
