www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Иштамберди кени боюнча жыйын өткөрүп, катуу чара көрүлөрүн айтты. “Азаттыктын” кабарчысы талкуу жабык өтүп жатканын билдирди.

Кечээ, 18-июнда Ала-Бука районундагы Кызыл-Токой айылында Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жыйын өткөн. Мунун алдында Экотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору боюнча башкармалыгынын өкүлү Абасбек Мизамбеков Иштамберди кенин иштетүү убактылуу токтотулганын билдирген.

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы 200-300дөй жергиликтүү тургун 12-июнда митингге чыккан. Алар ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, анын экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышкан.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенинде 12-июнь күнү болгон окуя боюнча кылмыш ишин козгогон - деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости