www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коргоо министрлиги иштеп жүргөн аскер кызматкерлеринин пенсиясын жоюу демилгесин көтөргөн Социалдык фондду кескин сынга алды. Мекеме тараткан билдирүүдө бул “мамлекеттин аскер кызматкерлерин колдоо жана сыйлоо саясатына туура келбеген, ойлонуштурулбаган, максатсыз” сунуш экени айтылат.

“Биринчиден, алар кызмат өтөп жүрөт, бул “иштейт” деген сөздөн айырмаланат. Куралдуу күчтөрдүн курамынын 80% катаал шартта, тоолуу аймакта элдин тынчтыгын камсыз кылуу үчүн өзүнө жана үй-бүлөсүнө кайыл болуп кызмат өтөп жүрөт. Экинчиден, аскер кызматкерлеринин пенсияга чыгуу мөөнөтү ошол кызматкердин каалоосу менен эмес, мыйзамдар менен аныкталат. Мисалы Социалдык фонддун күнүнө сегиз саат, ал эми жумасына 40 саат иштеп, эки күн эс алган кызматкерлеринин айырмаланып биздин кызматкерлер жумасына 60-80 саатка чейин иштейт”, деп айтылат билдирүүдө.

Мунун алдында Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары Гүлнара Жуматаева пенсиялык системаны реформалоого арналган парламенттик угуу учурунда иштеп жүрүп пенсия алгандардын, анын ичинде аскер кызматкерлеринин акчасын кыскартуу каралып жатканын билдирген.

“Азыр аскер кызматкерлери 40-42 жашында пенсияга чыгат. Пенсиясынын теңин алып иштеп жүрүшөт. Мындай башка мамлекеттерде жок. Мисалы Орусия менен Казакстанда пенсия алар кызматтан кеткенден кийин гана чегериле баштайт”,-деген Жуматаева.

Кыргызстанда 714 миңдей пенсионердин 15% жакынын пенсияга жеңилдиктер менен мөөнөтүнөн эрте чыккандар түзөт. Жеңилдиктер аскер кызматкерлеринин сырткары бийик тоолуу шартта жашап, иштегендер, көп балалуу энелер, майыптыгы бар балдардын энелери, зыяндуу өндүрүштө эмгектенгендер өңдүү 10 категориядан турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости