www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рублдин куну барган сайын арзандап жатат

11-апрелде Москва биржасында бир доллар 78,1 рублга бааланды. Бир евро болсо учурда 84,7 рубль турат. Буга чейин Орусияга каршы салынган санкциялардан улам рублдин куну кескин түшүп, андан соң бир тепкичте кармалып турган.

Буга Борбордук банк киргизген чектөөлөр түрткү болгону маалымдалган.

8-апрелде Борбордук банк бир катар чектөөлөрдү алып салды. Тактап айтканда, чет элдик валютаны брокерлерден сатып алуудагы 12% комиссия алынды.

Андан тышкары, банктарга 18-апрелден тартып калкка чет элдик валютаны накталай сатууга уруксат берилди. Ошондой эле евро менен акча чыгарып алууга салынган чектөө алынды. Буга чейин банк эсебинен 10 миң доллар гана алууга уруксат берилсе, эми 10 миң евро алса болот.

Последние новости