www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Жайыл РИИБинин ыкчам кызматкери пара талап кылуу беренесинин негизинде кармалды. Ал акчаны кылмыш ишин токтотуу үчүн алган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 18-июнь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматына Ю.Р. аттуу жаран кайрылган. Арыздануучу жолдошуна карата алдамчылык фактысы боюнча ачылган кылмыш ишин токтотуу үчүн Жайыл РИИБинин кызматкери 10 миң сом акча каражатын талап кылганын айтып, ага карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-беренеси ("пара талап кылуу") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"19-июнь күнү К.Ч. аттуу милиция кызматкери арыздануучуга байланышып, К.М. аттуу жарандын атына 10 миң сом акча каражатын которууну талап кылган. Арыз ээси "Кыргызстан" банкынан ошол эле күнү акча салган.

26-июнь күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты К.Ч. кармалып, УКМКга жеткирилди. Тергөө иштери улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости