www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орошон обондор

"Жетиген" деген ырдын сөзүн жазган Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин, обону бүгүнкү каарманыма таандык. Поэзия-философиялык ойлордун, акыл-эстин жыйындысы.

Ички сезимди сыртка чагылдырган туундусу. Ал эми поэзиянын тили жетпей калган жерде музыка жардамга келет. Поэзия жана музыка адамдын жан-дүйнөсүн жаңыртып, тазартып турчу каражат. Республикалык

Мукаш Абдраев атындагы атайын адистештирилген музыкалык орто мектеп-интернатынын директору, КР эл артисти Исирадин Аманбаев.

- Көпчүлүк обончу менен композиторду чаташтырып келишет, экөөнүн айырмасы эмнеде?

- Композитор- бул атайы композитор жана теоретик деген диплому бар адис. Ал музыканын тарыхын, теориясын, гармония, формасын жана башкаларды ийне-жибине чейин окуп, опера, балет, симфония жазган атайын музыкалык билими бар кесипкөй.

Ал эми дагы бир өнөр ээлерине обончулук касиети Жараткадан берилген олжо, шык- жөндөм. Ырчылар обончулардын обондорун элге кеңири жеткирүүчү аткаруучулар. Мыкты ырчы мына ошол обончунун ой-максатын тагыраагы айта турган тилегин аңдап, обондун кулк- мүнөзүн, темпин, ритмин, ньюанстарын, гармониясын түшүнүп аткара алат. Ошондо обончу чыгармасы аркылуу ырчыны элге таанытат. Ал эми ырчы обончунун даңкын чыгарат.

- Музыкага тилмечтин кереги жок дешет...

- Чындыгында жакшы музыка тилмечке муктаждыгы жок. Скрипка, фортепианодо ойнолгон, оркестрде жазылган чыгармаларды дүйнө эли түшүнөт. Ар бир таланттын өз почеркине жараша өз аудиториясы бар болгондой, ошол ыр ышкыбоздун өз табити, өз деңгээли бар. Музыка-жан- дүйнөнүн тили.

- Кесиптештердин көбү алгач обон жаратып ошого жараша текст издешет экен. Сизге эргүү кандай учурда келет?

- Мен 3 багытта обон жазам. Алгач текст таап, себеби ошол ырдын өзүнө музыка чыгып ( кайрыктар келип) турат. Экинчиси музыкасын биринчи жазып алып анан текст издеген күндөрүм болот. Үчүнчүсүндө музыка менен текстти бирдей издеген учурлар болот.

- Залкар ой-акыл-эстен, улуу сезим- жүрөктөн жаралабы?

- Албетте. Менимче жакшы ой акылдан жаралып, жүрөктүн элегинен жана мезгилдин сыноосунан өткөндөн кийин гана залкар ойго айланат. Мына ошол залкар ойлордон издеп чыгармалар тунук акыл-эстен чыгат.

Адамдын акыл-эси тунук болсо, ал дайыма өсүп, өнүгүү жолунда болот. Андан сөзсүз улуу чыгармалар жаралат. Акыл-эсти да өөрчүтүп, сугарып, жандантып туруу зарыл. Болбосо ал сенек болуп калат. Жүрөк дагы акыл-эсти угуу керек, ал сезимталдыгы менен ошондо түбөлүк классикага айланган чыгармалар жаралат.

- Атагым чыкканын каалабайм, бирок ал баламдын бешигине, атамдын көрүнө жарык берип турса болду деген экен бир ойчул. Азыр тез эле атактуу болууну максат кылгандарга кандай карайсыз?

- Атактуунун сөзсүз түрдө атасынын ысымы кошо айтылып турат. Ошондон улам бийиктиктерди жаратып келген. Ал эми ошол атактуу көзү өтүп кеткенде, урпактарына калтырчу атын булгабай татыктуу жана жоопкерчиликтүү алып жүрүү бул баласынан көз каранды. Атак-даңк көрүнбөгөн бийлик. Жакшылардын атагы ушинтип муундан-муунга кала берет. Булар үзүрлүү эмгектин арты менен атак- даңкка жеткендер... Ал эми тез келген атак, жаандан кийинки өткүн д өй.

- Бардык улуу обончулар дын ырларында орто заар каарман болбойт. Кайсынысы болбосун баш каармандай сезиле берет дегендерге кандай карайсыз?

- Туура. Мекенге, балага болгон же ата-энеге болгон сүйүүбү, ашыглык сезими болобу, мунун баары ошол сүйүүнү даңктаган обондо негизги каарман бойдон кала берет. 

-  Ырды кара сөзгө оодарса, айдын жарыгындай каракчы кейиптенип калат дегенге кошуласызбы?

- Эгерде кара сөзгө оодарган талант мыкты жазуучу болсо. Буга бир мисал жазуучу Ашым Жакыпбековдун "Теңири Манасы". Бирок поэзияда айтылган ойдун таасири күчтүү болуп, окурмандарга тез жетип, тез тарайт. Мухаммед (С.А.В.) пайгамбарыбыз акындар жөнүндө: "Акындар бутага сөз менен таамай айтып тийгизет" деген экен. Түшүнгөн адамга поэзия- сөз берметтери тизилген шуру. Жан- дүйнөнүн жарык берүүчү нуру.

- Көп жылдардан бери, Мукаш Абдраев атындагы атайын адистештирилген музыкалык орто мектеп-интернатында директордук кызматындасыз. Мектептин ийгиликтери туурасында сөз кылсак...

- Көп ийгиликтер болду. Бир- экөөсүнүн айта кетсем ашыкча болбос. Он жылдан бери "Жаш кербез" аттуу конкурс өткөрүп келебиз. Конкурстун максаты окуучуларды чоң сахнага чыгууга көндүрүү, музыкалык билимин такшалтуу, эл аралык конкурстарга даярдоо. Конкур 5 негизги бөлүмдөн турат:

1. Үйлөмө аспаптар.

2. Кылдуу аспаптар.

3. Элдик аспаптар.

4. Фортепиано.

5. Теория.

Быйыл үйлөмө аспаптар менен элдик аспаптар арасында конкурс болду. Эмдиги жылы кылдуу аспаптар менен фортепиано жарышка чыгат. Тарыхта биринчи жолу мектепте мугалимдер жана окуучулар менен биргеликте симфониялык оркестр түздүк. Үч жыл мурун Япониядан Харо Тандзи сан окуучуларыбызга мастер класс өтүп кетти. Кудай буюрса, чоң- чоң максаттар али алдыда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости