www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа комиссиясынын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис менен жолугушту.

Жогорку деңгээлдеги жолугушуу алдыда өтүүчү «Европа бирлиги – Борбор Азия» биринчи экономикалык форумун утурлай Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ЕБ стратегиясын ишке ашыруу алкагында өттү.

Тараптар белгилегендей, өтүүчү форум Европа бирлигинин жана Борбор Азиянын экономикалык кызматташуусундагы жаңы баскыч болуп саналат.

Европа бирлигинин делегациясы европалык өнөктөштөрдүн аймактагы өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтыгынын келечегине кызыкдарлыгын билдирди.

«Форум жыл сайын өтүүчү толук кандуу экономикалык платформа боло алат деп эсептейм. Биз Европа бирлиги жана европа өлкөлөрү менен кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө маани беребиз.

Европа бирлиги менен өнөктөштүктү чыңдоо Кыргыз Республикасынын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Акылбек Жапаров ошондой эле жогорку өкүлгө Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу милдеттери жана жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости