www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өрттүн саны кескин көбөйдү, ӨКМ эреже сактоого чакырды

3-4-ноябрь күндөрү Кыргызстанда ондон өрт кырсыгы катталды. Басымдуу бөлүгү турак-жайларда чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

4-ноябрда Бишкектеги тигүү цехинде чыккан өрт төрт жашар наристе кыздын өмүрүн алды.

ӨКМ өрткө үйлөрдөгү мештердин туура эмес курулушу себеп болуп жатканын белгилеп, жарандарды этияттыкка чакырууда.

Кыргызстанда 3-4-ноябрда кар жаап, күн сууктаганына байланыштуу меш, жылыткыч колдонгондор көбөйдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости