www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Искендер Матраимов мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жоопкерчилигин кароо боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады.
"Эксперсс-тесттерди алып барганда санэпидемстанциянын жетекчилери менен жолугуп, сүйлөштүм. Алар январь айында министрге 2 жарым миллион сом бөлүп бергиле, лабораторияларды даярдап коёлу деп кат жазып кайрылышкан экен. Көңүл кош мамиле кылып, каражат бөлүп берген эмес экен. Мындан улам кээ бир лабораториялар даяр болбой, ушуга окшогон илдеттерди аныктай албай койгондорун айтышты. Мурдагы министрдин жоопкерчилиги боюнча кандай иштерди жүргүзүп жатасыңар", - деп сурады депутат.
Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев: "Биз медициналык кызматкердин статусу деген мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды так аткарыш үчүн аларды дезинфекция, өздүк колдоонучу каражаттар менен камсыз кылуу иштөөгө жакшы шарттарды түзүп берүү боюнча прокурордук эскертүүлөрдү бергенбиз. Азыр комитеттин чечими менен ушул маселени коюп жатасыздар. Силер жиберсеңер, биз карап чыгабыз", - деди.
Булак: NazarNews.kg