www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиевдин парламент комитетинде билдиргени боюнча, мурунку саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге «Медициналык кызматкердин статусу жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн прокурорлук эскертүү берилген.
«Андан тышкары да бир нече эскертүүлөр берилген. Комитет чечимдеринин негизинде сунуш берсеңер прокуратура карайбыз», - деди Нурлан Дүйшөмбиев.
Мурунку саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди жоопко тартуу маселесин 14-апрелде Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары көтөрүп чыгышты. «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев Чолпонбаевди «Кыргызстанда коронавирус илдетинин алдын алуу иштерин жакшы жүргүзгөн жок» деп сындады. Ушундай эле жүйө менен Чолпонбаевди жоопко тартуу зарыл экенин депутат Искендер Матраимов да айтып кетти.
Эске сала кетсек, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 31-мартта кызматынан бошотулган. Анын ордуна 1-апрелде президенттин жарлыгы менен Сабиржан Абдикаримов дайындалган.
Учурда депутаттарга 1-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеген өкмөт мүчөлөрү маалымат берип жатышат.
Булак: NazarNews.kg