www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Жакынкы убакта бензин 4-5 сомго көтөрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйында Кыргыз нефтетрейдерлер ассонациясынын президенти Канат Эшатов билдирди. Муну менен катар азык-түлүк баасы да көтөрүлбөйбү?

- Ооба, кымбаттоо орун алат. Азык-түлүк баасында талаа жумуштарына жана жүк ташууга кеткен күйүүчү майдын үлүшү бар. Жалпы күйүүчү май 1 сомго кымбаттаса, азык-түлүк баасы 2%га көтөрүлүшү мүмкүн. Мындайча айтканда, нандын 40-60%ы күйүүчү майдын баасы. Анткени ал нанды өндүрүү үчүн күйүүчү майды айыл чарба техникасына куюш керек.

Жерди айдоо, себүү, ошону менен бирге айыл чарба техникасын колдонуп насосторду алып келүү, сугаруу, эгин бышканда талаалардан түшүмдү жыйноо үчүн комбайнга күйүүчү майлар сарпталат. Tүшүмдү күйүүчү май менен заводго жеткирүү, аны өндүрүп кайрадан жер-жерлерге алып баруу түйшүгү талап кылынат.

Ошентип өндүрүлгөн продукцияга 40-50% күйүүчү май керектелет. Албетте, күйүүчү майдын баасы жогоруласа, жалпы азык-түлүктүн баасы дагы жогорулайт. Эл баасын көтөрбөсө да кымбатчылык ушул жагынан жүрүп отурат. Бизге жылына 1 млн. тонна күйүүчү май керектелет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости