www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери жана "Авангард-Строй" курулуш компаниясынын жетекчиси "Т.Т.С." кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын, анын ичинде социалдык билим берүү объектилерин каржылоону жана курууну контролдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 2022-жылдын 26-январында сотко чейинки өндүрүштүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери "Ч.К.Ч.", "Ж.Т.Д." жана "Авангард-Строй"курулуш компаниясынын жетекчиси "Т.Т.С." кармалды.

Аталган мамлекеттик кызматкерлер үчүнчү жактардын кызыкчылыгын көздөп, курулуш иштерин бүтүргөндүгү тууралуу тиешелүү тастыктоочу документтери жок эле, аталган жеке уюмдун эсебине 20 млн 607 миң 669 сомду негизсиз которгондугу аныкталды.

Тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын корутундусуна ылайык, мамлекеттин финансылык кызыкчылыгына 13 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Кармалган "Ч.К.Ч.", "Ж.Т.Д." жана "Т.Т.С." Нарын шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Азыркы учурда колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости