www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту таанышынын башын кесип салган 2 жигиттин ишин карады.

Жоомарт жана Айбек (ысымдары өзгөртүлдү, М.у.Ж. жана Ы.у.А.) адам өлтүргөнү үчүн Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен 12,5 жылга кесилишкен. Бирок Жоомарт райондук соттун чечимине каршы болуп, Бишкек шаардык сотуна даттанган. Жоомарттын жактоочусу «Адам өлтүрүү» беренесин «Кылмышты жаап-жашыруу» беренесине өзгөртүүнү суранган.

Сот отурумунда Айбек күнөөсүн мойнуна алды. Анын айтымында, 2020-жылы 2-майда унаа жуучу жайда чогуу иштеген достору менен спирт ичимдигин ичип отурушкан. Жоомарт дүкөнгө кеткенде Айбек маркум досу менен урушуп кеткен. Айбектин айтымында, маркум аны уруп жибергендиктен мушташа кетишкен.

Айбек маркум досу жыгылганда мойнуна бычак сайылып калганын, маркум көп кан жоготуп, азап тартып жатканынан башын кесип салганын билдирди. Ал эми Жоомарт унаа жуучу жайга маркумдун башы кесилгенден кийин келгенин, маркумдун сөөгүн катууга жардам бергенин айтты.

Жоомарт ага коюлган күнөөнү мойнуна алган жок. Ал маркумду көргөндө шок абалда болгонун, жалгыз күнөөсү, милицияга кайрылбаганы экенин белгиледи.

Шаардык сот Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөрткөн жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости