www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизнес ассоциациялардын улуттук альянсынын жетекчиси менен маек.

-- Көтөрүлгөн доллар наркы төмөндөп, өлкөбүздө бул валютанын көбөйгөнү байкалды. Кайсы булактар боюнча доллар көбөйүп кетти?

-- Биздин пикирибиз боюнча доллардын түшүп кетиши – бул мигранттардын долларга жасалган депозиттер менен келип сомго алмаштыргандан болду. Андан тышкары да санкциялардан качып, Орусиядан канча бир көлөмдө орус жарандары келип, капиталдарын жергиликтүү банктарга жайгаштырып, долларды сомго алмаштырып, тиричилик баштаганынан ушундай абал байкалып турат.

Мунун баарына байкоо жүргүзүү зарыл. Текшерүү үчүн Улуттук банктын трансакцияларын караш керек. “Улуттук банк аркылуу трансакциялар көбөйдү” деген маалыматтар берилсе, демек, ошол чыныгы себеп.

Мындан ары квартал сайын биздин импортерлор долларды сатып ала баштаса, ошондо доллар кайра өсө баштайт. Бул абал бир калыпта сакталбайт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости