www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Индонезияда өтүүчү G20 саммитине катышуу маселеси боюнча Кремль иш-чаранын уюштуруучуларынын позициясына карайт. Бул тууралуу eurasiatoday.ru жазып чыкты. 

Бул тууралуу орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, Орусия президентинин G20 саммитине катышуусу уюштуруучулардын позициясынан көз каранды. Тактап айтканда, Москва саммитке катышуу же катышпоону кырдаалдын өнүгүшүнө жараша чечет.

Ошол эле учурда, Песков бул иш-чара "Чоң жыйырманын алкагындагы иштин абдан маанилүү багыты" экенин белгилеп өттү.

Буга чейин, АКШнын Каржы министри Жанет Йеллен Индонезияда өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитинде америкалык өкүлдөр орусиялык делегаттар менен жолукпай турганын, ошондой эле орусиялыктар катышкан иш-чараларга катышуудан баш тартышарын билдирген.

6-апрелде АКШ Индонезияны Орусиянын президентин G20 саммитине катыштырбоо үчүн көндүрүүгө аракет кылып жатканы тууралуу маалыматтар чыккан.

Белгилей кетсек, Индонезия 2022-жылы G20га төрагалык кылат. Саммит Бали аралында 15-16-ноябрда өткөрүү пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости