www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТО Орусиянын ыктымал агрессиясына каршы туруу аракетинин алкагында уюмга мүчө өлкөлөрдүн чек араларында аскерлерин туруктуу жайгаштыруу маселесин караштырууда.

Бул тууралуу британиялык The Telegraph гезитине НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирди. Анын айтымында, түндүк атлантикалык биримдик ушул тапта “фундаменталдуу трансформация" баскычында турат жана бул жараян Орусия президенти Владимир Путиндин аракеттеринин узак мөөнөттүү кесепеттерин эске алуу менен өтүп жатат.

"Азыр көрүп жатканыбыз – жаңы реалдуулук, Европа коопсуздугу үчүн жаңы норма. Ошол себептен аскерий жетекчилерибизди НАТОнун узак мөөнөттүү адаптациясы үчүн өз сунуштарын айтууга чакырабыз", – деди Столтенберг.

Жакында ыйгарым укуктары дагы бир жылга узартылганын маалымдаган Йенс Столтенберг The Telegraph басылмасына уюмдун ишин кайра караштыруу маселеси боюнча бардык чечим быйыл июнда Мадридде өтө турган НАТОнун саммитинде кабыл алынарын кошумчалады.

Буга чейин Столтенберг түндүк атлантикалык альянстын чыгыш флангын күчтөндүрүү зарылдыгын бир нече жолу айткан.

24-февралдан башталган Орусиянын Украинага аскердик баскынчылыгы –Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан бери боло элек качкындар каатчылыгын жаратты. Батыш өлкөлөрүнүн жетекчилери коргонуу саясатын кайра карап чыгууну ойлонуштурушууда.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости