www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путинди сындаган Германиянын канцлери Олаф Шольцко эли ышкырып, сүйлөтпөй нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу Russia Today Telegram каналы жазды.

Германиянын канцлери Любек шаарында сүйлөп жатып Россия президенти "өз өлкөсүнүн келечегин талкалап жатат" деген. Ал Украинага көбүрөөк курал-жарак жеткирүү керектигин кошумчалаган.

Мындан улам чогулгандар ышкырып, саясатчыга нааразычылыгын билдирген. Шольц аларды "каалашынча кыйкыра берсин" деген.

Буга чейин дагы канцлерге Эссен шаарында Орусияга каршы санкциялар киргизилгендигине байланыштуу нааразычылык көрсөтүлгөн.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости