www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстанды Швейцария кылабыз эле дейбиз. Анализдеп көрдүм. Швейцариянын жалпы аянты – 41 280 кв. км. Кыргызстандын жалпы аянты - 19 9950 кв. км. Калкынын саны – 84 22 685 болсо, биздин калктын саны – 6 млн 63 миң 607.  Бюджети  - 221 млрд 900 млн АКШ доллары, Кыргызстандыкы -  1 млрд 700 млн. Швейцарияда министирлердин саны – 6, Кыргызстанда – 44.  Депутаттардын саны Швейцарияда – 46 болсо, Кыргызстанда депутаттардын саны - 120”, - деди бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында депутат Искендер Матраимов.

“Бизде бүгүнкү күндө муниципиалдык кызматкерлер өзүнчө эле армия.  Мамлекеттик кызматкерлердин саны өтө көп. Анысы аз келгенсип жылдын аягында аймактык кызматкерлерди чакырылып алып кызматтык жыйын өткөрөт. Модага айлантып алдык, ушул моданы жок кылышыбыз керек эле. Канча чыгаша кетип жатат. Менин оюмча, ушул кеткен чыгашаларды мектепке же болбосо башка социалдык мекемелерге сарптаса болбойбу? Калктын негизги көйгөйү, мектеп, бала-бакча, жол, суу. Өкмөт “10%дык негизде кызматтык абалды жоюп салуу керек” деди. Мындай чечим аймактарда гана иштейт. Ошондуктан кызматтык абалды жойгонду Өкмөт өзү жеке көзөмөлгө алуу керек” – деп кошумчалады депутат.

Андан сырткары Искендер Матраимов, “айрым мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасы аз болгону менен минген автоунаасы унаасы 10 литр бензин бир күнгө сарпталса, алардын минген унаасы гаражга кайра кирип чыкканга эле жетет”, деп кошумчалады эл өкүлү.  

Мындай жогорудагы так көрсөткүчтөр, жыйындар залындагы чаар-жайыт сүйлөгөн эл өкүлдөрүн ойлонтурду бекен. Дегенибиз Швейцария болобуз деп “ала өпкө” болуп ары-бери чуркаганча, бир жыйынтык чыгарса жакшы болот беле? Төрдө телтейип жөн эле соткасын чукуп олтуруп маяна алган айрым аткаминерлер менен депутаттарды  Ак үйдөн "ыргытып" жиберсе, Кыргызстандын экономикасына же казынасына 100 сом болсо дагы пайда түшөт беле деген ой.

“Эсебин тапсаң бай  болосуң”, деген кыргызда кеп бар. Анан эле бирөөнүн байлыгына суктанып жатып калбай, кекиртек менен “келлеси” иштебегендерди арыдан-бери койгондо, алакандай Кыргызстан эбак эле оңолмок да жеп-жутарлар жоголмок.

Баракелде Искендер мырза, ушул бүгүнкү көтөрүп чыккан маселеңизди эл өкүлдөрүнө, мамлекеттик кызматкерлердин баарына кат менен жөнөтүп койсоңуз жакшы болот беле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости