www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖК депутаты, Исхак Масалиев: “Мунапыс 1100 адамдын тагдырына таасир этет”, деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган.

- Исхак Абсаматович, мунапыс жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышы эмне себептен кечеңдеп жатат?

- Биринчиден, быйылтан баштап жаңы кодекстер ишке кирбедиби, ошого байланыштуу бир топ иштер кайра каралууда. Ошондуктан, өкмөт тарап “эки кадам аралашып кетпесин, адегенде кодексти аягына чыгарып алалы” деп суранган. Азыр тактоо иштери жүрүп атат. Буюрса, бүтөт. Анан кабыл алынат.

- Атайылап бут тосуу жокпу?

- Жок. Мен демилгечи катары ачык айтайын, эки мыйзамды киргизсек, чын эле кичине башаламан болуп кетет. Биринчи кодекс киргенден кийин, анан ошого байланыштуу жасалган кылмыштар кайра каралат да.

- Эгер мунапыс кабыл алынып калса, канча адам бошойт?

- Биз долбоорду жазып аткан учурда 1100 адамдын тагдырына таасир этмек. Айрым кылмыштар боюнча эркиндикке чыкканга мүмкүнчүлүк берилет. Көпчүлүк учурда жаза мөөнөтүн кыскартат. Бирок, мунапыс оор, коррупцияга байланышкан кылмыштарга таасир этпейт, деген Исхак Масалиев "АЗИЯnews" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости