www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Федерациясында 1 миллион 200 миң эмгек мигранттары бар, алардын жарымысынын гана Орусиянын паспорту бар.
Учурда Сургутта эле 2 жарым миң кыргызстандыктар жашайт. Орусия Федерациясындагы Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкуловдун Сургут шаарынын администрациясынын башчысы Алексей Жердев менен жолугушуусунан улам Сургутта элчиликтин канцеляриясы ачылмай болду.
Бул эмнени түшүндүрөт? Эми Сургуттагы кыргызстандыктар Москвага чапкылап отурбай эле консулдук боюнча көптөгөн маселелерди жеринен чечип алса болот. Канцелярияда паспорт, справка (маалымкат), күбөлүк берилип, өзүбүздүн жарандарга юристтер укук боюнча кеңеш беришет. Андан тышкары, Орусия менен маданий, социалдык-гуманитардык байланышты өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, буюрса кыргыздар менен катуу жаңжал болгон Якутияда да жакында ушундай канцелярия ачылат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg