www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Исхак Масалиев:

Шаардык кеңешке өткөн партиялардын көпчүлүгү олигархтар. Мындай пикирин мурдагы депутат Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, алдыга чыккан ар бир партияда 5-6 курулуш компаниянын ээлери бар.

--«Шайлоодо добуштарды сатып алуу аракети, административдик ресурс колдонулду дегендерге толук кошулам. Үй жана квартал комитеттери жарандарга акча таратканы анык болуп турат. Шаардык кеңешке өткөн партиялардын көпчүлүгү олигархтар болуп жатат. Ар бир партияда 5-6 курулуш компаниянын ээлери бар. Ошондуктан бул шайлоо таза өткөн жок, мен өтө нараазы болдум. Өкүнүчтүүсү бийлик тарабынан дагы “колуңарды тарткыла” деп эч ким айткан жок», - деди Масалиев.

Белгилей кетсек, 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өттү. Аны менен кошо Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлган. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча, Бишкек шаардык кеңешине жалпы 419 миң 901 шайлоочу катышып, азырынча 6 партия 7 пайыздык чектен өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости