www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Конституция боюнча референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча, референдумга жалпы 1 млн 336 миң 743 жаран катышты. Ал шайлоочулардын 37,8 пайызын түзөт.

«Акыркы маалыматтарга караганда, референдумга 1 млн 59 миң 476 жаран «макул» добушун берди. Ал шайлоочулардын 79,24%ын түзөт. Ал эми 182 миң 553 шайлоочу «каршы» добушун берди», – дейт ал.

Шайлдабекова референдумдун акыркы жыйынтыгы шайлоо күнүнөн 35 күн өткөн аралыкта айтыларын белгиледи.

Конституция боюнча референдумга добуш бергендерди аймактар боюнча алганда:

Бишкекте «макул» – 60,66%, «каршы» – 36,10%;

Ош шаарында «макул» – 79,87%, «каршы» – 12,27%;

Жалал-Абад облусунда «макул» – 84,7%, «каршы» – 7,94%;

Ысык-Көл облусунда «макул» – 85,25%, «каршы» – 9,9%;

Нарын облусунда «макул» – 82,84%, «каршы» – 11,25%;

Ош облусунда «макул» – 84,33%, «каршы» – 7,76%;

Талас облусунда «макул» – 74,99%, “каршы” – 16,6%;

Чүй облусунда «макул» – 70,84%, «каршы» – 21,36%;

Баткен облусунда «макул» – 84,27%, «каршы» – 8,68,% жаран добуш берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости