www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Саламаттыкты сактоо министрлиги вакциналар боюнча жоопкерчиликти алышы керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Дамира Ниязалиева.

--“Кыргызстанга бир канча мамлекеттерден вакцина алып келип жатышат. Бирок бул дагы жетпейт. Берип жатышат деп эле ала берген туура эмес. Себеби, Европада айрым вакцинаны алгандар каза болуп жатат дешүүдө. Бул коркунучтуу болуп жатат. Эгер Саламаттыкты сактоо министрлиги алып келишкен вакцина боюнча жоопкерчилик алышса элдер ала беришсе болот. Ошондуктан азыр министрлик аябай жакшылап талдап алышы зарыл. Ал вакциналар илимий жагынан изилденсе, практика жүзүндө жакшы жыйынтык берсе биз алсак болот. Азыр көпчүлүк мамлекеттерде Россиядан өндүрүлгөн вакцинаны алууга аракет кылышууда. Бул жакшы жыйынтык берген болушу керек. Эгер аны бизге алып келсе кыргыз элине жетпей калышы мүмкүн. Вирус кийинки жылы дагы кайталанып калаары белгисиз, ошондуктан элдин саламаттыгы үчүн дагы алышы керек болот. Ушуга окшогон вакцинаны өндүрүш үчүн бери дегенде 10 жыл керек. Ошондуктан муну коопсуз дегенден алыс болушубуз керек. Дүйнөдө вакцинаны аз эле өлкөдө өндүрүп жатышат. Европадагы мамлекеттер салгылашып вакцина талашып жатат. Алар дагы сапаттуусуна көңүл буруп жатышат”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости