www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Эмгек” партиясынын лидери экс-мэр Аскар Салымбеков НДПК партиясынын өкүлү экс-мэр Азиз Суракматов менен “Ак Бата” партиясынын лидери экс-мэр Нариман Түлеевди бир ымалага келүү үчүн атайын сүйлөшүүгө чакырыптыр. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында “Эмгек” партиясы Бишкек шаарынын мэрлик кызматына экс-мэр Нариман Түлеевдин талапкерлигин колдой турган болуптур. Ал эми мэр болом дегенде ак эткенден, так эткен НДПКнын өкүлү экс-мэр Азиз Суракматов жакын арада жообун берет экен. Эгер үчөө бириксе, Нариман Түлеевдин мэр болору туурулуу. НДПК колдобой койсо, башка партиялар колдоп кетиши мүмкүн.
1. «Эмгек» партиясы (13, 96%) — 10 мандат;
2. «Ак-Бата» партиясы (12,22%) — 9 мандат;
3. НДПК (КЭДП) (10,62%) — 7 мандат;
4. «Ата-Журт-Кыргызстан» (9,52%) — 7 мандат;
5. «Ынтымак» (8,3%) — 6 мандат;
6. «Биздин эл» (7,75%) 6 мандат;
Бишкек 1875-жылы негизделген, Турдакун Усубалиев, Карыбек Молдобаев, Улукбек Чиналиев, Амангелди Муралиевдер союз убагында Фрунзе шаарын (1936-1991) жетектеген, Бишкектин мэрлери:
Борис Силаев
Бишкек жакка мэр болуп,
Борис «дядя» баш ийкейт.
«Сила» барбы Силаев,
Москвага ташый кетет.
Феликс Кулов
КыГыБыдан түз эле,
Кыйратам деп келипсиз.
Түрмө жакта орун бар,
Түшө койчу, Феликс.
Медет Керимкулов
Ким болсо да кожоюн,
Иштейт Мекең талыкпай.
Унчукпастан ашаган,
Деңиздеги балыктай.
Аскар Салымбеков
Салымбеков Аскар тез,
Бишкек шааарын оңдойбу?
Кетип калса мэр болуп,
Ким башкарат «Дордойду»?
Арстанбек Ногоев
«Шыпыргычан» Ногоев,
Көчөлөрдү тазалаар.
Шыпырылды Арыстаке,
Чыга берип «кашалар».
Данияр Үсөнов
Чуркап жүрүп Үсөнов,
Эптеп мэрге жетиптир.
Андан кийин келген мэр,
«2» коюп кетиптир.
Нариман Түлеев
Жапжашыл шаар Бишкекти,
Миллион гүлгө бөлөгөн.
Эл жүрсүн деп кыйналбай,
Автобусту «төрөгөн».
Иса Өмүркулов
Өмүркулов Исакең,
«Ош» базарды бишкектейт.
Бирок, улам начарлап,
Бара жатат Бишкек дейт
Кубанычбек Кулматов
Балмуздак жеп чоңойгон,
Кеңеш уулу Кубаныч.
Он миң сомдук кофе ичкен,
Мектеп жебе сураныч.
Албек Ибраимов
Канча миллиард байкалбай,
Өтүп кеткен тамактан.
Калбаат күндүн айынан,
Качып жүрөт камактан.
Азиз Суракматов
Кокуй алат ушул күн,
«Коронавирус» деп койот.
Гумжардам келсе алыстан,
Кулкулдатып жеп койот.
Балбак Түлөбаев
Кыргыздан чыккан еврей,
Көтөрүп чыккан «Аюну».
Элди ойлобой Балбакең,
Ойлоп турат баюну.
Эрмек Нургазиев
«Тууганы эле болбосо,
Тумшукка койчу адам»-деп.
Камчысын турган үйүрүп,
«Катынды дайым сабайм» -деп.
Аял жакка жооп билет,
Кызыл камчы, сок билек.
Отуруп жатып, отурбай,
Ордунан кеткен котурдай.
Бактыбек Кудайбергенов
Жеңип чыкты Түлеев,
Жергиликтүү шайлоодо.
Кудайберген уулунун,
Эки колу байлоодо.
Бишкекке мэр ким болот?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg