www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсиңиздерге сала кетсек, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров тизменин алдыңкы сабына коюу үчүн 200 миң сом сураганын айтып чыккан. Ага жооп кылып, ошол эле партиянын мүчөсү Исхак Масалиев Бакир уулунун сөздөрүнүн баарын калп деп айткан эле.

Масалиевдин сөзүнө Турсунбай Бакир уулу: “Масалиев Исхак, сен менин сөздөрүмдү «калп», «анын жүрүм-турумун баары билет», – депсиң. Ооба, никеленген аялдарым менен жашаганымды баары билет. Бирок сендей арам жүрбөгөнүмө Кудайга шүгүр!”, – деп жазган.

Масалиев мурдагы кесиптешине төмөнкүдөй билдирүү жазып чыкты:

“Турсунбай ажы!
Сиз мага таарынгандын ордуна маалыматты жакшы окусаңыз болмок. Бир жерде Сиздин аброюңузга шек келтирип, үй-бүлөңүзгө тийишкен жокмун. Бир гана нерсе тактап кетейин – Адахандан акча жөнүндө сөз болгон жок. Ал эми көчөдө ар кандай адамдар ар кандай ушак айтыш мүмкүн.
Ден соолук каалаймын Сизге, Турсунбай ажы”, – деп айткан Масалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости