www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу багытында өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал маалында калктын аялуу катмарына көмөк көрсөтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы  билдирди. 

Эл өкүлү аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө ун таратып, Ала-Бука жана Чаткал райондоруна 15 миң медициналык беткап, 5 миң санитайзер берди. Муну менен катар депутат жеңилдетилген баада ун таратууну колго алган. Тагыраагы ар бир кап үчүн жеке каражатынан 250 сом төлөп, 1650 сомдук ундар калкка 1400 сомго сатылууда. Ал эми базардагы бир кап ундун чекене баасы 1800-1850 сомго чейин жеткен учурлар бар. Азыркыга чейин 100 тонна ун жеңилдетилген баада сатылса, дагы 400 тонна ун жөнөтүлгөнү турат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости