www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңеште “Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов.

Демилгечи мыйзам долбоору аркылуу КПСС БК тарабынан кезинде Ооганстанга саясий иштерди жүргүзүү үчүн жиберилген партиялык жана советтик кызматкерлердин статусун согуш ардагерлерине теңдештирүү сунушун киргизүүдө.

“Кыргызстандан Ооганстанга ушундай тапшырма менен 4 кызматкер жиберилген, азыр көзү тирүү бир адам бар Согуш ардагери макамы жок болгондуктан, жеңилдиктер каралган эмес. Аларга согуш ардагери макамын берүү зарыл”, - деди Исхак Пирматов.

Өткөн окуу жүрүшүндө айрым депутаттар бир киши үчүн мыйзам жазуу туура эмес, Өкмөт бир кишинин маселесин өзү эле чечип койсо болмок дешсе, бир катар депутаттар бир адамга тийиштүү болсо дагы мыйзам долбоорун колдош керек деген сындуу пикирлерин билдиришкен.

Ушу тапта Кыргызстанда Улуу Ата мекендик согуштун 268 ардагери, ооруктун 1300 ардагери жашайт. Ал эми Ооган согушуна катышкан 5 миңден ашуун ардагер бар. Аларга совет мезгилинде берилген жеңилдиктер азыр кыйла кыскарып калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости