www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурадыл Мадеминов деген Икрам депутат кылган кадамжайлык физрук бар. Ал башынан эле мандат акысын актап, Атамбаев­дин эң активдүү кошоматчы де­путаты болуп келген. Үч жыл мурун “Кумтөр” боюнча Атамбаев­дин позициясын жактайм деп атып Текебаевдин “подхалим” деген сөзүнө арданып, ал менен парламент залында жакалашып да кеткен.

Эми бул Атамбаевди мактап-жактаганы эч кимге таасир кылбаганын өзү деле жакшы түшүнөт. Сапар Исаков экөө Атамбаевдин орун басары болгонуна эле батына албай жүрүшөт. Бирок кечээ күнү Жогорку Кеңеште сүйлөп атып, ыраматылык жердеши Абсамат Масалиевти жамандап кеткени баардык депутаттарды нааразы кылды.

Ис­хак Масалиев: «Бир мезгилде ушул укам, галдирбай деген сөздү талашканда түшүндүрмө берген болчу - «ГАЛДИРБАЙ биздин диалект менен жакшы, эркелете турган сөз, таарынбаш керек». Ошондуктан мындан ары өзүңө ГАЛДИРБАЙ деген наам татыктуу десем жаңылбаймын. Аман болсун жигитибиз!” деп айтса, социалдык тармакта мындан ары физрукту Мурадыл Галдирбаевич Мадеминов деп атап коюу сунушу кенен тарады.

Булак: “Жаңы ОРДО”

Последние новости