www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык дзюдочу Ислам Баялинов дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп, ардагерлер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталды.
20–24-сентябрь күндөрү Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында дзюдо боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты өтүүдө.
Мелдештин М3 (40–44 жаш) курактык категориясында, 81 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргызстандын спортчусу Ислам Баялинов алтын медалга ээ болду.
Баялинов Спорттук күрөш боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директорунун орун басары, Кыргызстандын дзюдо боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу, эмгек сиңирген спорт чебери жана эл аралык категориядагы калыс.
Быйылкы дүйнө чемпионатына 65 өлкөдөн 1 миң 350гө жакын спортчу катышууда.